Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Ат-Башыда кымыз канча сомго чейин арзандады?

Turmush -  Ат-Башы районунун 60 жаштагы тургуну Жыргал Акбаева жыл сайын кымыз сатып, соодагерлик менен алектенет. Ал учурда кымыз сезону кызуу жүрүп жатканын айтты.

Кымыз сатуучулардын айтымында, Ат-Башыдагы кымыз сатуучу базарда 25ке чукул кымыз сатуучу иштейт. Бирок туруктуу чыккандар аз гана санда.

«Ат-Башыда кымыз сатуучу базар ачылганына быйыл экинчи жыл болду. Көпчүлүгү буйрутма менен шаарга алып кетип жатышат. Кээ бири 200 литрге чейин кымыз алып кетишет. Элдин көбү кымызга ооду. Ден соолукту чыңдоо үчүн кымыз керек. Сасык тумоо болгондо кымызды ичип койсо илдет тез өтүп кетет экен. Элге “сок ичкенден көрө кымыз ичкиле” деп айтып жатабыз.

Бир күндө эң аз дегенде 200 литр, ал эми көп дегенде 400 литр сатам. Мисалы, 1 күндө 3000 сомго соода кылсам, анын жарымы киреше болот. Өткөндө 1 айда 40 000 сом тапкан экенбиз. Азыр кымыздын 1 литри 45-50 сомго чейин түштү. Башында 100 сом менен баштаганбыз. Азыр дүң баада 30 сомдон алып, 40-45 сомдон сатып жатабыз. Кымызды дүң баада Ак-Сай өрөөнүнөн алам. Кымыз келгенде ууртап көрүп алабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×