Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Фельдшер Чолпон Куренкееванын эсинде калган урунттуу окуялар

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун фельдшери Чолпон Куренкеева куткаруучулук кесипти 26 жылдан бери аркалап келет.

Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында 1974-жылдын 9-сентябрында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун апасы. Жолдошу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу ардагери.

«Бул тармакта 1994-жылдан тартып иштеп келем. Токмок шаарындагы медициналык окуу жайды аяктаган соң Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордон сунуш келип, жакындарымдын «аскерде кызмат оор, темирдей тартип бар, кыйналасың» дегенине карабай, элим-жерим үчүн деп кызмат өтөп баштадым» - деди ал.

Фельдшер айым кызматындагы кызыктуу учурлардан айтып берди.

«Биздин кызмат ар тармактуу болгондуктан кызыктуу окуялар көп эле болду. 1999-жылдары Баткен окуясы башталып, аскер кызматкерлери жарым-жартылай мобилизация болгон. 1999-жылы 18-августка караган түнү биздин борбордо айгай көтөрүлүп, куткаруучулар тандалган. Андан кийин таңга маал Канттагы аба базасынан Баткенге жөнөтүлгөн. Биз бир жерде өзгөчө кырдаал болгон экен деп кала бергенбиз. Себеби, мындай көрүнүштү биз айттырбай билебиз. Жолдошум жана башка эр азаматтар Баткенге учуп кеткенден кийин бизге окуянын өзөгү белгилүү болду. Көрсө, Баткен облусунда баскынчылар менен кармашуу башталыптыр. Ошондо колумда 7 айлык кызым бар эле. Ички дүйнөм сыздап, көздөн жаш тегеренип, бирок түшүнүү менен өзүбүздү соороттук. Азыр ал күндөрдү күлкү менен эстейбиз. Бирок 1 жыл биз үчүн бир кылымга тете болгон. 2016-жылы Дача-СУ окуясында куткаруу иштерине катышканбыз.

2001-жылы биздин борборго Россия Федерациясынын ошол кездеги өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Кожогетович Шойгу официалдуу иш сапар менен келген. Ошол күн да эсимден кетпейт.

Ал эми биздин күнүмдүк жумушубуз түшүндүрүү иштери, кызматкерлердин ден соолугун текшерүү, куткаруучуларга биринчи жардам көрсөтүү боюнча сабак өтүү менен коштолот», - деди ал.

Чолпон Куренкеева жигердүү эмгеги үчүн президенттин ардак баракчасы, ӨКМдин ардак грамотасы, кынтыксыз кызмат өтөгөнү үчүн 2-даражадагы медаль, Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун 10 жылдык мааракелик медалы менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×