Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Баткенде унаалардын санитардык абалы текшерилип жатат

Turmush -  Баткен облусунда коомдук транспорттордун санитардык эрежелери текшерилип, түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, автобекеттерде, такси токтоочу жайларда айдоочулар менен жолугушуулар өтүп жатат. Санитардык эрежелерди сактоо максатында атайын эскертмелер даярдалып, жүргүнчүлөргө да маалыматтар берилүүдө. Айрыкча коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен аймактардагы коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоодо санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте иштер жүргүзүлүүдө. Аймактарга коюлган санитардык-карантиндик посттор күнү-түнү иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×