Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Жумгалдагы базар боюнча чыр же бир эле жерге берилген эки мамлекеттик акт (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун борбору Чаек айылындагы мурдагы «Чаек» азыркы «Аурдин» базары боюнча чыр ушул күнгө чейин бүтпөй келет. Тактап айтканда, 31,5 чарчы метр болгон базарга эки мамлекеттик акт чыгып, базарды айыл өкмөтү менен «Аурдин» базарынын ээси талашып жатат. Ал эми укук коргоо органдары бул ишти териштирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 24-июнь күнү аталган​ базардын​ айланасында пикир келишпестиктер болду. Ошол күнү «Аурдин» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Арстан Абдылдаевдин кызы Аксана Арстанбекова базардын ичине койгон темир контейнерлерин ижарага берүү үчүн келишим түзүүгө келген. Бул маалда жергиликтүү активисттер жана айыл өкмөттүн кызматкерлери базардын ээсибиз деген өкүлдөр менен бетме-бет​ жолугуп, документтерин көрүүгө аракет кылышты.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкуловдун маалыматына караганда, базарга тиешелүү эки буйрук бар. Анын биринде бул базар Чаек айыл өкмөтүнө өткөрүлдү деп турса, дагы биринде базарды «Аурдин» ЖЧКсы сатып алганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле базарга тиешелүү эки бөлөк номурдагы мамлекеттик акт берилген. Анын бири​нин номуру №128952 болсо, дагы бириники №128948 деп турат.

Рустам Алымкулов белгилегендей, Аксана Арстанбекованын колунда жүргөн мамлекеттик акт (№128952 номурдагы акт) эч жакка каттоого алынган эмес. Ал эми №128948 номурдагы акт райондук мамлекеттик каттоо кызматында катталган.

«Аксана Арстанбекова көтөрүп жүргөн мамлекеттик акт эч бир жерде каттоого алынган эмес. Муну аталган жерге укуктарды каттоо башкармалыгы дагы тастыктайт. Мурдагы мамлекеттик​ актыда «Аурдин» ЖЧКга болгону 14,5​ чарчы метр жер тиешелүү деп көрсөтүлсө, кийинки каттоодо жок мамлекеттик актыда 31,5 чарчы метр​ жер тиешелүү деп көрсөтүлгөн. Мында айыл өкмөткө тиешелүү жерди да коштуруп, документ жасатып алышкан. Бардыгы мыйзамсыз. Бул базар муниципалдык базар болуп, элге кызмат кылышы керек. Бүгүнкү күндө жергиликтүү эл эч бир органда катталбаган мамлекеттик акт менен 2000-жылдан бери​ соодагерлерден​ ижара​ акы алып,​ негизсиз ишкерлик кылып келе жаткандарды жоопкерчиликке тартууну өтүнүп жатышат», - деди Рустам Алымкулов.

Ал эми Аксана Арстанбекова бардык документтер мыйзамдуу экенин билдирди.

«Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Жумгал районундагы мекемесинен алынган маалым кат бар. Алар бизге 31,5 чарчы метр жер тиешелүү деп көрсөтүшкөн. Бизде да мамлекеттик акт бар. Акимдин буйруктары жана Жумгал керек-жарак коомунан сатып алуу боюнча келишимдерибиз бар. Бардыгы мыйзамдуу», - деди ал.

Райондун мурдагы башкы архитектору Темирбек Сапаралиев учурда айыл өкмөтү базарды кайрадан алса болорун билдирип, себептерин атады.

«Мен 1986-жылдан 2004-жылга чейин райондун башкы архитектору болуп иштегем. 1989-жылы ​Ысык-Көл облустук эл депутаттарынын аткаруу комитети тарабынан базар куруу боюнча чечим чыгарылып, борбордук өкмөт тарабынан каражат бөлүнүп, курулуш иши башталган. Бирок курулушу толук бүтпөй, токтоп калган. Андан соң 1998-1999-жылдары базарды керек-жарак коомунан "Аурдин" ЖЧК сатып алган. Бирок документтерин каттап, мыйзамдаштырбаган соң 2002-жылы базардын четиндеги эле имарат аларга тиешелүү экени аныкталган. Жанагы 14,5 чарчы метр деген жер ошол. Акимдин буйругу дагы туура эмес чыккан. Анда базардын долбоорлоо-сметалык документтерин иштеп чыксын деп жазылган. Аны лицензиясы бар бардык эле архитектор жасай берет. Архитектуралык жерге жайгаштыруу тапшырмасын аткарууда 31,5 чарчы метр деп өлчөп бергенбиз. Бирок аны айыл өкмөтү аркылуу сатып же аукцион аркылуу алып, мыйзамдаштырып алуу керек болчу. Булар долбоорлоо-сметалык документтерине буйрутма берген эмес. Өзү билгендей куруп башташкан. Бул ишти айыл өкмөтү чечиш керек. Архитектурага тиешелүү буйруктарды биз даярдачубуз. Эки мамлекеттик актыны мамлекеттик каттоо кызматы кандай жол менен бергенин билбейм. Азыр айыл өкмөтү жерди алып койсо болот», - деди Сапаралиев.

Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Жумгал районундагы мекемеси эки мамлекеттик акт боюнча жетекчи гана жооп берерин билдирип, маалымат биришкен жок. Бирок буга чейин аталган мекеменин жетекчиси Айбек Жумалиев базарга тиешелүү бир эле мамлекеттик акт бар экенин айткан. Ошондой эле ЖЧКга 14,5 чарчы метр жер тиешелүү экенин, мамлекеттик актынын номуру​ №128948 болгонун ырастаган.

Мамлекеттик салык кызматынын​ Жумгал райондук башкармалыгынын маалыматында, 2013-жылдан 2017-жылга чейин мурдагы базарком Самыйбек Рысалиев жылына​ жалпы​ 28,6 чарчы метрге​ 42949 сомдон​ төлөп келген. Ал эми​ 2018-жылдан ушул күнгө чейин «Аурдин» ЖЧК дал ушул​ жерге жылына​ 42702 сомдон төгүп келген.​ Бирок салык кызматынын өкүлдөрү​ жердин аянты боюнча так маалымат бере алышкан жок.

Жумгал райондук прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2019-жылы Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине базар боюнча 2 иш катталган. Ал иш Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына 1 жыл мурда​ жиберилген. Ошондой эле Башкы прокурордун тапшырмасы менен Нарын облусунун​ прокурорунун жеке көзөмөлүнө алынган.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган базар боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Чечим кабыл алуу үчүн жакын арада бардык тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы чыгат.

Маалымдама:

1989-жылы Кыргыз ССРнин​ Ысык-Көл облустук эл депутаттарынын аткаруу комитети тарабынан аталган базарды куруу боюнча чечим чыгарылган. Андан кийин борбордук өкмөттүн бюджетинен каражат бөлүнүп, курулуш иши башталган. 1992-жылы базар Жумгал өндүрүштүк кооперативи болуп кайра түзүлүп, Нарын облустук статистика комитетинен каттоодон өткөн. 1996-жылы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын​ башчысынын биринчи орун басары Р.А.Сарымсаковдун №267 буйругунун негизинде Жумгал өндүрүштүк кооперативи Жумгал керек-жарак кооперативи болуп кайра түзүлүп, ушул эле жылы уставы кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×