Бөлүмдөр
Жума, 3-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 30.06.2020 12:27 Жаңыланды: 30.06.2020 12:28

Арал айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланбай калды. Себеби эмнеде?

Эрлан Чоркөзов жана Иманбек Курманов
Эрлан Чоркөзов жана Иманбек Курманов

Turmush -  Бүгүн, 30-июнда Түп районунун Арал айыл өкмөтүндөгүК.Курманалиев атындагы маданият үйүндө айыл өкмөт башчысын шайлоо өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач шайлоо өтө турган жай дезинфекцияланып, айылдык кеңештин депутаттары жана Түп аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бет кап кийип, дене табы текшерилди. Андан соң талапкерлер Иман Курманов жана Эрлан Чоркөзов өздөрүнүн программасы менен тааныштырды.

Шайлоого айылдык кеңештеги 11 депутаттын баары катышты. Анын жыйынтыгында Э.Чоргөзовго 5 депутат добуш берип, калган депутаттар эки талапкерге тең каршы добуш беришти.

БШКнын жобосуна ылайык айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган, тактап айтканда 6 депутаттын добушуна ээ болгон талапкер айыл өкмөт башчысы болуп шайланмак. Э.Чоркөзов 5 гана добуш алганына байланыштуу айыл өкмөт башчы шайланган жок деп табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×