Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Талас облусунда 15 адамдан коронавирус аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 30-июнь күнү Талас облусунда 15 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Талас облустук ооруларды алды алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Чолпон Сагындыкова билдирди.

Анын айтымында, аталган адамдардын ичинен алтоо медицина кызматкерлери.

«Таласта пандемия башталгандан бери эң көп илдет 15 адамдан бүгүн чыкты. Алардын көбү 30 жаштан 64 жашка чейинкилер. Анын ичинде 8 аял киши,7 эркек киши бар. Талас шаарынан катталгандардын алтоо медицина кызматкерлери. Алардын ичинде 3 дарыгер, 2 медайым жана 1 санитардык кызматкер бар. Талас облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүнөн 1 бейтаптан, терапия бөлүмүнөн 2 бейтаптан вирус аныкталган. Райондордогу аныкталган адамдардын экөө Бишкектен келген. Калгандары мурун ооругандар менен байланышта болгондор», - деди ал.

Тизме:

- Талас шаарынан 9 адам;

- Бакай-Ата районунан 1 адам;

- Кара-Буура районунан 1 адам;

- Талас району 4 адам.

- - - - - - - - - - - - -

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 30-июнга карата Кыргызстанда дагы 279 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталганын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5296 адамга жетти. Акыркы суткада 76 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны 2370 адамды түздү.

Жаңы катталган бейтаптар:

- Бишкек шаарында 182 адам;

- Чүй облусунда 36 адам;

- Ош облусунда 1 адам;

- Ош шаарында 1 адам;

- Жалал-Абад облусунда 7 адам;

- Баткен облусунда 9 адам;

- Нарын облусунда 10 адам;

- Ысык-Көл облусунда 18 адам;

- Талас облусунда 15 адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×