Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Барымтага алынган келинди бошоткон подполковник акыркы сапарга узатылууда. Артында 2 баласы калды

Эркин Жаанбаев
Эркин Жаанбаев

Turmush -  Бүгүн, 30-июнь күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Керме-Тоо айылында милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев жакындарынын катышуусунда жерге берилет. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Шарабидин Капаров билдирди.

Эркин Жаанбаев Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №5 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы болчу. Ал Бишкекте мурунку жигити тарабынан барымтага алынган келинди бошотуу операциясына катышып, бычак көтөргөн шектүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Шарабидин Капаровдун айтымында, учурдагы кырдаалга байланыштуу маркумду акыркы сапарга узатууда көп адамдардын топтолушуна жол берилбейт.

«Айыл өкмөттүн 3 кызматкери көзөмөлдөө үчүн барышты. Буга чейин дагы маркумдарды акыркы сапарга узатууда көп адамдарды чогултууга жол берилген эмес», - деди Ш.Капаров.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын көзөмөлдөөгө барган айыл өкмөттүн кызматкерлеринин айтымында, маркумдун сөөгү кечээ, 29-июнда кечинде алынып келген. Учурда маркумду акыркы сапарга узатууга келген жарандар үйүнө кайтарылууда.

Маркумдун артында 1 уул, 1 кызы калды.

Буга чейин Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы маркум болжолдуу маалымат боюнча инсульттан көз жумганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×