Бөлүмдөр
Бейшемби, 2-июль

Ысык-Көлдүн ири шаарларында 4 дарыгер коронавирус жуктурду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 30-июнга карата Ысык-Көл облусунда 18 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Ысык-Көл облустук ыкчам штабдын маалыматына ылайык, алардын төртөө медициналык кызматкерлер.

Тактап айтканда, Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын эки дарыгеринен илдет тастыкталды. Алар 24-июнда анализ тапшырышкан. Учурда эки дарыгер ооруканада дарыланууда.

Алар:

- 1969-жылы тулган кардиология бөлүмүнүн дарыгери (аял киши). Ал 2 үй-бүлө мүчөсү менен байланышта болгон;

- 1964-жылы туулган жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери. Ал да 2 үй-бүлө мүчөсү менен байланышта болгон.

Ошондой эле Балыкчы шаарындагы эки дарыгер коронавирус жуктурган. Алар 22-июнда анализ тапшырышкан. Учурда абалы жакшы, ошондуктан үйүндө дарыланууда.

Алар:

- 1992-жылы туулган хирург. Ал 4 үй-бүлө мүчөсү менен байланышта болгон;

- 1965-жылы туулган анестезиолог. Ал үй-бүлөсүндөгү 2 адам менен байланышта болгон.

Бүгүнкүгө чейин Ысык-Көл облусунда 129 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 28 бейтап айыгып, 1 адам каза болду.

Ысык-Көл облусунда бүгүнкүгө чейин жалпысынан 24 дарыгерден коронавирус аныкталды:

- Караол шаарында – 6;

- Ак-Суу районунда – 6;

- Түп районунда – 4;

- Жети-Өгүз районунда – 1;

- Балыкчы шаарында – 7;

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×