Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Караколдогу катуу шамалдан улам 394 миң сом зыян келтирилгени такталды

Turmush -  27-июнь күнү Каракол шаарындагы катуу шамалдан улам келтирилген чыгымдар такталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал күнү секундасына 25 метрге жеткен (Бофорт шкаласы менен) шамал катталып, Масалиев көчөсүндө жайгашкан мейманкананын кампасынын 475 чарчы метр темир чатырын учуруп кеткен. 28-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 29-июнь күнү комиссия тарабынан акт түзүлүп, шамалдан келтирилген чыгым 394 550 сом болгону такталды.

Шамал учуруп кеткен чатыр

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×