Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Ошто жума намаз учурунда социалдык аралык сакталбай жатабы? Казыят маалыматты төгүндөдү

Turmush -  Ош шаарында жума намазда санитардык эрежелер сакталбай жатат деп сүрөтүн тараткан адам окуяны туура эмес түшүнүп алган. Бул тууралуу Ош облустук казыятынын басма сөз катчысы Манас Айтматов билдирди.

Буга чейин «АКИпресс-Репортер» басылмасына күбө Ош шаарындагы жума намазда санитардык нормалар сакталбай жатканын айтып, сүрөт жөнөткөн. Анын айтымында, сүрөт 26-июнда Черемушка кичи районундагы Р.Абдыкадыров көчөсүндө тартылган.

«26-июнь күнү «Репортерго» чыккан маалымат туура эмес чагылдырылып калган. Буга чейин жума намаздарда санитардык нормалар сакталып жатканын баары көргөн. Мечитке кирип бара жатканда бет кап, антисептик каражаттарын берип жатканбыз. Рыспай Абдыкадыров көчөсүндөгү мечитте жума намазынан соң жаназа окулуп жаткан. Сүрөттү карасак адамдар бут кийимчен турушат. Башка жайларда деле санитардык эрежелер сакталган жок. Бул сүрөттү динди каралагысы келген адам таратты деп ойлойбуз», - деди Манас Айтматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×