Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Көчкүнүн алдынан аман чыккан кишилер, 10 күндө араӊ өчкөн өрт жана Көкөмеренге аккан 5 адам. Р.Ушуровдун тажрыйбасы

Turmush -  Ришат Ушуров 2008-жылдан бери Москва районунун Садовой айылында жайгашкан ӨКМдин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда кызмат өтөп келет.

Ал 1990-жылы Чүй районуна караштуу Сайлык айылында төрөлгөн. 12 жыл аралыгында куткаруу багытындагы тажрыйбасын жогорулатып, түрдүү машыгууларга, кырсыктарды жоюуга катышып келген. 2010-жылы Казакстан Республикасында өткөн эл аралык сынакка катышып, командасы менен 10 тайпанын арасынан 3-орунду ээлеген.

«Кырсык айттырбай келет эмеспи. Кесиптештерим менен көп эле өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катыштым. 2015-жылы Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүгө катыштым. Өрт тоодон чыккандыктан унаа бара албай турган жерге жөө бардык. Жалпы 4 чакырымдан ашуун жолду бастык. Күндүн ысыгында капчыгайдагы өрттүн жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн куткаруучулар тобу кол менен өчүрүп жаттык. Өрттүн аянты чоӊ жана кырсык болгон жер арчалуу болгондуктан 10 күндөн ашуун убакыт өрт менен алыштык.

2017-жылы Чычкан капчыгайында 255-чакырымында кар көчкү 1 автоунааны 3 жүргүнчүсү менен басып калганда нөөмөттө турган куткаруучулар менен жөнөп кеттик. Бийик тоодо кандай болорун билесиз. Менин билишемче -36 градус суук болчу. Аба ырайы суук болгонуна карабай адамдарды аман алып калууну ойлоп жаттым. Кырсыкка кабылган 3 адамды таап, унаанын ичинен алып чыкканда жасаган жумушубуз канчалык гумандуу жана сооптуу экенине дагы бир ирет ынандым.

2019-жылы Көкөмерен дарыясына 1 автоунаа 5 жүргүнчүсү менен түшүп кеткен. Бирок тилекке каршы куткарып калууга мүмкүн болгон жок. Шар аккан суунун агымынан 5 жүргүнчүнүн сөөгүн табуу оңойго турган жок. Бирок биз ага карабай болгон күчүбүздү жумшап, сууга аккан жарандардын жансыз денесин ар жерден таптык. Эмгек жолумдагы эӊ курч ушул окуялар болду. Эсимде да калды. Адамдар капилеттен келген кырсыкка кабылбаса, өздөрүнө сак болсо дейм», - деди ал.

Куткаруучу 1-июлду дайыма үй-бүлөсү менен бирге өткөрөт.

«Биздин кесип оор, куткаруучу ысык-суук дебей, өз өмүрүн тобокелге салып, өз милдеттерин аткарып келүүдө. Азыркы учурда ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда суучулдар тобунда командирдин орун басары болуп эмгектенем. Бул кесип өзүмө абдан жагат, абдан сыймыктанам. Үй-бүлөм тууралуу айтсам, келинчегим үй тиричилиги менен алектенет. 1-июль күндү дайыма үй-бүлөбүз менен белгилеп келебиз.

Куткаруучуларды кесиптик майрамы менен өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Элибиз бөөдө кырсыктан алыс болуп, өлкөбүздө тынчтык болсун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×