Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Ноокатта террористтик топко катыштыгы бар ага-ини аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  2020-жылы 2-майда Ноокат РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы адам террористтик топко катыштыгы бар деп шектелип кармалган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү Ноокат районунун Катта-Тал айылынын 29 жаштагы тургуну Т.Б. экени аныкталып, аталган факт Ноокат РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыштын бетин ачуу максатында шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн жана 1 даана үн жаздыруучу жабдык, 54 даана китеп, 4 даана СD-диск, 3 даана аудиокасета табылган. Ошондой эле Т.Б.нын уюлдук телефону текшерилип, анда террористтик чакырыктар бар аудио көчүрмөлөр социалдык тармактар аркылуу таратылганы аныкталган. Т.Б. Жазык кодексинин 315-беренеси менен (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) шектелип, Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 17-июнда Ноокат райондук сотунун чечими менен бир жылга пробациялык көзөмөлгө алынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Т.Б.нын бир тууган иниси Катта-Тал айылынын 23 жаштагы жашоочусу Т.М. акча табуу максатында 2016-жылдын май айында Египетке кеткени жана 2017-жылдын июнь айында Сириядагы террористтик топко кошулганы маалым болгон.

Ыкчам маалыматтардын негизинде Т.М. боюнча топтолгон материалдар Ош ОИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Т.Б. Сириядагы террористтик топтун катарында согуштук аракеттерге катышканы үчүн кылмыш иши козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×