Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Ошто жаш балалуу келиндин үйүнөн курал-жарак, граната табылды (сүрөт)

Turmush -  26-июнь күнү Ош ОИИБдин мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ок атуучу курал, ок-дарылар жана граната табылды. Бул тууралуу аталган түзүмдөн кабарлашты.

Табылган куралдар:

- ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу мылтык;

- РГД-5 үлгүсүндөгү граната;

- 7,62 мм калибрдеги 31 ок.

Алынган куралдар таандык болгон адамдар:

- 2014-жылы куралдуу салгылашууга катышуу үчүн Сирияга чыгып кетип, ошол жакта каза болгон 1985-жылы туулган Р.О.;

- 2014-жылы куралдуу салгылашууга катышуу үчүн Сирияга чыгып кеткен 1989-жылы туулган Р.Ф.;

- 2018-жылдан бери Россияда жүргөн, 1978-жылы туулган Р.А.

Куралдар Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунун тургуну, жогоруда аталган жарандардын бир тууганы — 1983-жылы туулган Р.М.нын (аял киши) үйүнөн табылды. Ага 2017-жылы улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын колундагы баласы эрезеге жете электигине байланыштуу соттун өкүмү 2029-жылы күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×