Бөлүмдөр
Бейшемби, 2-июль

«Башыбыз айланып калды»: Ат-башылык тургундардын коронавирус тууралуу пикири

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Дүйнөнү каптап жаткан коронавирус боюнча ар ким ар кандай оюн айтууда. Айрымдар мындай оору жок десе, кээ бирөө илдеттин бар экенине ишенип, өздүк гигиеналык эрежелерди так сактап жатышат. Аймактык кабарчы район тургундарынын оюн угуп көрдү.

Алмазбек Жолдошов: «Ооруп жаткандар деле бар экен. Вирустун бар экенине ишенем. Өзүм кол кап, бет кап тагынып, антисептикти жаныма алып жүрөм», - деди.

Илимгүл Баатыркан кызы: «Ишенебиз. Бар болгону үчүн эл ооруп жатат да. Сактанып жатабыз. Тааныштар ооруп, дарыланып, айыгып жатканын угуп, көрүп жатабыз. Өзүбүз ооруга кабылган жокпуз, Кудай сактасын», - деди.

Алмаз Жунусов: «Ишенебиз, көрүп жатпайбызбы. Вирус эми башталды окшойт. Чүчкүрүп, жөтөлгөн киши көп. Вирус бар. Же болбосо дүйнө эмнеге мынчалык дүрбөлөңгө түшмөк эле. Болгону бул пандемия. Мунун ар кандай варианттары болуп жатат. Бири атайын чыгарылган деп айтышса, кээ бири элдин санын азайтуу үчүн чыгарылган дешет. Бирок бул бар да, анткени Европада эл кырылып жатпайбы. Бизде иммунитет күчтүү болгону үчүн кармалып турат го. “Ажал жетсе өлөбүз деп” тобокелчиликке салып жатпайбызбы. Башында бизде жок болчу. Үйүндө ооруп жаткандар канча? Ким билет? Негизи элди ишендире алышкан жок, ишендиргенде башкача болмок.

Башында дааватчыларга асылды. Биздин айылдан экөөнү алып барып жаткырды. Экөө тең ооруган жок. Бирөө мурда өпкөсүнөн суу тарттырган бала болчу. Экинчиси бөйрөк оорусу өөрчүп кеткен экен. Мектепте сырттагы жумуштарда иштечү. Оорусунан улам чыгып кетти. Ал экөө келип алып, элге “эч нерсе болгон жокпуз” деп агитация жүргүзүштү», - деди.

Ырыс Бапанова: «Азыр кимге ишенерибизди билбей, башыбыз айланып калды. Сыналгыдан депутаттар өздөрү “бул саясат, мунун артында саясий оюн жатат” деп айтып жатышат. Эл болсо “мунун артында чоң суммадагы акча ойнотулуп жатат” дешүүдө. Бир гана Кудайга ишенебиз. Оорудан Кудай сактасын», - деди.

Клара Жолочиева: «Мен ишене албайм. Чындыгында оюн сыяктуу болуп калды. Башында коркуп жатканбыз. Азыр кимге ишенерибизди билбейбиз, башыбыз айланып калды», - деди.

Бүгүн, 29-июнга карата Кыргызстанда дагы 269 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5017 адамга жетти. Акыркы суткада 52 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны 2294 адамды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×