Turmush — Которулган акчаны Кыргызстандан алууну каалагандар үчүн
Эске ала турчу эң маанилүү маалымат: «Золотая корона» акча которууларын Кыргызстанда аралыктан эле бардык жерден алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тактап айтканда, акчаны дароо банк картасына которууга болот. Бул ыкма кассадан накталай акча алуу сыяктуу эле ишенимдүү жана пандемияга байланыштуу коопсуз. Байланышта болбой, убакытты үнөмдөөгө да шарт түзөт.
Бул кызматты пайдалануу үчүн компаниянын сайтына же «Акча которуу» мобилдик тиркемесине кирүү кажет. Эки ыкма тең интернет байланышы бар жерде күнү-түнү жеткиликтүү. Онлайн акча которуу көп эмгекти талап кылбайт. Бул жаңы үйрөнүп жаткан адамдар дагы оңой эле жүргүзө турчу жөнөкөй операция.
Эгерде сизде тиркеме орнотулган болсо анда которулган акча жөнүндө маалыматты дароо тиркемеге киргенде көрөсүз. Ал жерде картага акча алуу тууралуу маалымат болот. Ал эми тиркемени алгачкы жолу колдонуп жатканда катталуу керек: телефон номуруңузду жана смс-кодду жазасыз.
Кеңештерге көңүл буруңуз, алар сизге тиркемени тез өздөштүрүүгө жардам берет. Мисалы, акча ала турган адамдын аты-жөнүн жазуунун ордуна аны тизмеден гана тандоо жетиштүү экенин көрсөтүп берет.
Андан тышкары «Золотая корона» сайтында аралыктан акча которуунун башка ыкмасы дагы бар. Бул учурда кезеги менен «Акча которуу», «Онлайн», «Картага алуу» бөлүктөрүн ачып, жеткиликтүү акчанын суммасын көрүү үчүн акча ала турган адамдын телефон номурун жазыш керек.
Аралыктан акча которууларды Кыргызстандын банктары тарабынан чыгарылган ЭЛКАРТ, Visa, Mastercard (Maestro) карталарына алууга болот. Акча которуу сом менен гана жүргүзүлөт.
Кыргызстандан акча которууну каалагандар үчүн
Акцияларга көз салыңыз: Жай мезгилинде системанын мүчө-банктары кээде ар кайсы багыттар боюнча тарифтерди төмөндөтүшөт. Ошондуктан «Золотая корона» аркылуу акча которуунун алдында компаниянын сайтына кирип, актуалдуу маалыматтар менен таанышыңыз.
Учурда өлкөнүн жашоочулары «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын сунушун пайдаланып, Россия жана Казакстанга 500 рубль, 12 доллар же 10 евро которсо, комиссия үчүн которулган суммадан 0,5 пайыз гана алынат. Аталган тариф ушул жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин жеткиликтүү.
Андан тышкары «Золотая корона» акча которууларын комиссиясы жок пайдалануу мүмкүнчүлүгү тууралуу унутпаңыз. 0% тарифи акча жөнөтүлгөн валюта менен акча алуудагы валюта айырмаланганда жарактуу болот.