Turmush — Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракеси онлайн белгиленүүдө.
Окуу жайдын мааракесине билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кыргызстандагы ЖОЖдордун ассоциациясынын төрагасы А.Мусаев, ОшМУга өнөктөш чет элдик университеттердин ректорлору, ОшМУнун ардактуу профессорлору, мурдагы ректорлор жана сыймыктуу бүтүрүүчүлөр, ошондой эле кызматкерлер жана студенттер катышып жатышат.
Онлайн салтанатты ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
«Кадырлуу замандаштар, урматтуу билим дүйнөсүнүн күжүрмөн кызматкерлери! Окуу жайдын ташын коюп, кышын кынаган ардагер устаттар! Замандын тамыр согушун, жүрөк кагышын илгиртпей сезип, окуу жайдын арышын андан ары кеңейтип жатышкан кесиптештер! Биздин келечектеги сыймыгыбыз, элдин үмүтү болгон студент достор! Баарыңыздарды Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракеси, маанилүү дата, улуу окуя менен чын дилимден куттуктайм!», - деди ректор.
«Окуу жай 1939-жылы мугалимдер институту болуп түзүлгөндөн тартып тарыхый окуяларды башынан өткөрдү. Өлкөнүн илим-билим, маданият, экономика, социалдык чөйрөсүнө салым кошуп, тарых алдында улуу миссиясын татыктуу аткарып келе жатат. 80 жылдын аралыгында ар бир көз ирмем менен тең жарышып, убакыт өткөн сайын акыл-күчкө толуп, мезгил өткөн сайын жашарып баратат.
Университет жаңы технологиянын, ойлоп табуулардын ордосу болууга тийиш. ОшМУ бай тажрыйбага таянып, ар бир жаңыланууну өз учурунда өздөштүрүүдө. Окуу жай республикада электрондук башкаруу системасына алгачкылардан болуп өтүп, онлайн кабыл алууга жана билим берүүгө, электрондук иш кагаздарды жүргүзүүгө кадам таштаган. Бүткүл дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга ар дайым даяр. Окуу жайдын эң бир маанилүү иш-чарасы – мааракелик кечесин дагы жаңы технологиялардын жардамы менен онлайн өткөрүүдө.
ОшМУ – бай тарыхы, коомдогу омоктуу орду, өлкөбүздүн адам ресурсунун, интеллектуалдык потенциалынын өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымы менен сыймыктанат. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында эл артисттери, академиктер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, министрлер, депутаттар, элчилер, акимдер, саясатчылар, көрүнүктүү мугалимдер, дарыгерлер, юристтер, генералдар, чыгаан журналисттер, көрүнүктүү таланттар бар.
Ош мамлекеттик университети – Кыргызстандагы эң ири жана бай тарыхый тажрыйбасы бар жогорку окуу жайлардын бири болуп эсептелет. Университеттин тарыхы Кыргыз ССРнин Эл комиссарлар советинин 1939-жылдын 10-августундагы №1142 токтомунун негизинде ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. 1951-жылы Ош мугалимдер институту СССРдин Министрлер советинин №1759 токтому менен Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна айланган. Ал эми Кыргыз Республикасынын президентинин 1992-жылдын 17-июнундагы №202 указы менен Ош мамлекеттик университети болуп түзүлгөн.
2018-жылы жана 2019-жылы Эл аралык көз карандысыз аккредитация жана рейтинг (НААР) агенттиги тарабынан өткөрүлгөн Кыргызстандагы университеттердин улуттук рейтингинде 2 жыл катары менен 1-орунду камсыз кылган.
Ал эми 19 ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын илимий-билим берүүдөгү ишмердүүлүгү боюнча изилдөөсүндө ТОП-30га кирген 500 окутуучунун ичинен 90 окутуучу – ОшМУнун окумуштуулары, ал эми ТОП-15 курамында ОшМУнун 13 окумуштуусу бар.
Кыргыз Республикасынын президентинин 2017-жылдын 30-августунда чыгарган жарлыгына ылайык, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Ош мамлекеттик университети “Даңк” ордени менен сыйланган. Бул университеттин жалпы жамаатынын соңку жылдардагы жаратмандык эмгегине, жаңы технологияларды жана инфраструктураны өркүндөтүүгө, билимдин сапатын көтөрүүгө, мыкты адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн мамлекет тарабынан берилген татыктуу баа болуп калды.
Азыркы күндө ОшМУ 2 институт, 19 факультет, 4 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия, 132 кафедра, 2 окуу борбору, 30 окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук жана башка борборлор, 11 жатакана, 2 медициналык клиника, 3 жабык типтеги заманбап спорт комплекси, 15 ачык типтеги спорт комплекси, Ысык-Көлдөгү “Үмүт” пансионаты, Оштогу “Ак-Буура” эс алуу жайы, студенттик профилакторияны ичине камтыйт.
Университет бала бакчадан тартып докторантурага чейинки заманбап билим берүүнүн бардык баскычтарын өзүнө камтыган класстердик мекемеге айланды», - деп айтылат ОшМУнун маалыматында.