Turmush — Ош мамлекеттик университети 80 жылдык мааракесин онлайн форматта өткөрөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
ОшМУнун 80 жылдык мааракеси 28-май күнү белгиленет. Коронавируска байланыштуу окуу жайдын жетекчилиги мааракени онлайн белгилөө тууралуу чечим кабыл алган.
Иш-чараны окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков алып барат. Онлайн салтанатка Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана ОшМУнун профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер аралыктан катышат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндө келишимге онлайн түрдө кол коюлат.
Ошондой эле «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү шарттарындагы билим берүүнүн жана илимдин актуалдуу маселелери» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференциясы уюштурулат.
Майрамдык иш-чара онлайн концерт менен жыйынтыкталат.
Иш-чарага катышууну каалагандар http://80.oshsu.kg шилтемеси аркылуу каттала алат.