Бөлүмдөр
Жума, 3-июль

Айыл турмушу: Г.Алыбекова апасынын жолун жолдоп, баатыр эне болгон

Гүлжамал Алыбекова
Гүлжамал Алыбекова

Turmush -  Ат-Башы районунун тургуну Гүлжамал Алыбекова апасынын жолун жолдоп, баатыр эне болду.

Ал 1958-жылы 16-ноябрда Ат-Башы айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Ак-Жар айылына келин болгон. Жолдошу 10 бир тууган болсо, өзү 12 бир тууган. Учурда алардын 6 уул, 1 кызы, 10 небереси бар.

«10-классты бүтүп, Ак-Жар айылындагы жигитке турмушка чыктым. 6 эркек, 1 кыздуу болдук. 3 келин алдык, 3 балам үйлөнө элек. 10 неберебиз бар. 3 балам куруучу, кызым кесиби боюнча юрист, азыр декретте. Колумда 1 уулум, 3 неберем бар. Абышкам 65 жашта. Айылдагы “Чегр” дыйкан чарбасынын башчысы. Өзүм 12 бир тууганмын, абышкам 10 бир тууган», - деди ал.

Баатыр эне жаш кезинде мал дагы багып, мамлекеттик кызматта дагы эмгектенген.

«Жаш кезде кой багып жүрдүк. Малчылардын кирин жууп, тамагын даярдап берчүмүн. Анда балдарыбыз майда болчу. Алар окуй баштаганда ата-апаларыбыз жардам беришти. Уул-кыздарыбыз ыймандуу болуп өсүштү.

Райондук архивде 4 жыл, оорукананын архивинде 2 жыл иштедим. Андан кийин декретке чыгып, мал багып кеттик», - деди ал.

Гүлжамал Алыбекова апасын тартып кол өнөрчү болгон.

«Ар бир балама арнап шырдак, жууркан жасап бердим. Үйлөнө элек уулдарыма дагы даярдап койдум. Эң улуусу 1979-жылы төрөлсө, кичүү балам 1996-жылы туулган.

Эненин жүрөгү бала деп эле кагат. Балдарыбыз ыймандуу болушса, турмуштан өз ордун табышса, ден соолуктары чың, ар кандай кырсыктан сырткары болсо, биздин бактыбыз ошол.

Менин апам дагы баатыр эне болчу. 66 жашында ооруп кайтыш болду. Анын жолун жолдоп, мен дагы баатыр эне болдум. Азыр көргөн элдин баары мени апама окшоштурушат. “Апаңдын эле өзү” болуптурсуң деп калышат. Энем дагы бизге жууркан, жер төшөк, көлдөлөңдөн бери даярдап берген. Таенем дагы уз киши болчу. Ал курак кураганга жакын эле», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×