Бөлүмдөр
Ишемби, 4-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.04.2020 17:43 Жаңыланды: 10.04.2020 17:44

«Сары-Өзөн—Дыйкан» базарынын жетекчиси Эрмек Маркабаев Жети-Өгүздөгү 5 айылга жардам берди. Сүрөт

Turmush -  «Сары-Өзөн—Дыйкан» базарынын жетекчиси Эрмек Маркабаев өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кичи мекенине колдоо көрсөттү. Аймактык кабарчы Э.Маркабаев менен маектешкен.

Жеке ишкер Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында төрөлгөн.

«Жакында эле кичи мекениме барып келдим. Айылдагы агаларым менен бирге мечиттен тургундардын тизмесин алып, ун, азык-түлүк тараттык. Жети-Өгүз айыл аймагынын карамагына 5 айыл кирет: Жети-Өгүз, Ак-Кочкор, Желе-Дөбө, Кабак жана Чырак. Аталган айылдарды кыдырып, элиме колдоо көрсөтүп, айылдаштарымдын акыбалынан кабар алдым. Кичи мекеним болгон Жети-Өгүз айылындагы айылдаштарым жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүп жатышыптыр. Айылдагы аксакалдар менен учурашып, дүйнө элин дүрбөлөңгө салган илдет тез арада жоголуп, бейкапар жашоо келсе экен деген изги тилек менен 5 айылга барып, 100дөн ашуун үй-бүлөгө бир кап ун, азык-түлүк берип келдим», - деди Эрмек Маркабаев.

Ал буга чейин Жети-Өгүз айыл аймагынын ички көчөлөрүн оңдоого, айыл чарбасына жана башка иштерге жардамын аябай, көмөктөшүп келген. Айыл тургундары кыйын учурда айылга келип, колдоо көрсөткөн уулунабатасын беришти.

Жети-Өгүз айылынын тургуну Муратбек Казиев Эрмек Маркабаевдин ата-энеси СССР маалында эл үчүн эмгектенген адамдар болгонун кошумчалады.

«Биздин уулубуз атадан артык чыгып, кичи мекенин ар дайым эсинен чыгарбай, кол сунуп, жардамын аябайт. Ушул тапта борбор калаада жол жабык деп жатып албай, айылга келип, жардамын бергенине ыраазыбыз», - деди ал.

Эрмек Маркабаев ар дайым кайрымдуулук иштерине катышып, Бишкек шаарындагы балдар үйлөрүнө, кары-картаңдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип келет. Учурда Бишкек шаарында да коронавирус менен күрөшүүгө көмөк көрсөткөн адистерге жардам берип, аларды тамак-аш менен камсыздоодо.

Эрмек Маркабаев мында ары да кайрымдуулк иштерин улантарын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×