Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

«Коронавирустан арак сактайт экен деп ичип жатат»: Аялдарды сарсанаа кылган күйөөлөр

Turmush -  Учурда айрым адамдар коронавирустан сактануу үчүн арак ичип жатканы айтылып баштады. Чын эле арак вирустан сактайбы? Аймактык кабарчы бул суроого жооп алуу үчүн Нарындагы дарыгери Эркин Сагындыкованы сөзгө тартты.

Дарыгер арак коронавирустан сактабай, тескерисинче иммунитетти түшүрө турганын айтты.

«Айрымдар арак вирустан сактайт деп жатышат. Жок, ал адамды алсыз кылат. Иммунитетти өлтүрөт. Азыр аракка уулангандар көп болууда. “Күйөөм коронавирустан арак сактайт экен деп ичип жатат” деп телефон чалгандар болуп жатат. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Азыркы кырдаалда иммунитетти көтөрүп, витаминдүү тамак-аштарды ичүү керек. Өздүк гигиенаны туура сактап, колду тез-тез жууп, антисептиктер менен тазалаш керек.

Жумушка чыккандар марлядан тигилген бет капты 2 саат сайын алмаштырышы керек. Ал эми бир жолу колдонулуучу бет капты 20 мүнөт сайын алмаштыруу зарыл. Бет капты тагынгандан кийин аны кармалап же чечип, кайра тага бербеш керек. Эл көп жерге барганда бет капты сөзсүз оозду, мурунду жакшылап жаап тагынуу зарыл.

Марлядан тигилген бет капты кир жуучу самын менен жууп, хлораминге чылап же сууга салып кайнаткан жакшы. Бет капты атыр самын менен жууган болбойт. Колду, бетти дагы кир самын менен жууган пайдалуу. Мурунду физраствор менен чайкап коюу зарыл. 200 мл сууга 1 чай кашык соода кошуп, ооз-мурунду чайкап коюу да жакшы», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×