Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

Жалал-Абадда коменданттык сааттын эрежесин бузган 37 адам кармалды

Жеңиш Жоробеков
Жеңиш Жоробеков

Turmush -  Жалал-Абад шаарында коменданттык сааттын эрежесин бузган 10 жана Сузак районунда 27 адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков онлайн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки эскертүүлөргө карабай, талаптарга баш ийбеген учурлар катталды.

«Саат 20:00дөн тартып эртең мененки саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Бул учурда адамдардын көчөгө чыгуусуна тыюу салынат. Ага карабай, тартип бузгандар болду. Сузак районунда 27, Жалал-Абад шаарында 10 адам кармалды. Алардын ичинен 5 адам муктаждык менен чыккан. Тактап айтканда, оорусуна байланыштуу жана төрөтканага бара жаткан учурлар болду», - деди Ж.Жоробеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×