Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

Ала-Букада дезинфекциялоо жүрүп, аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды. Видео

Turmush -  Ала-Бука району боюнча 530 объектте дезинфекциялоо жумуштары аткарылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 166, айыл аймактардагы ыкчам ыктыярчылар тобу тарабынан 364 объектте залалсыздандыруу иши жүрдү. ӨКМдин райондук бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү унаасы менен Ак-Там айыл аймагынын борбордук жана ички көчөлөрүндө дезинфекциялоо жумуштары аткарылды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 1 тонна гипохлорит, кальций дезинфекциялык каражаттар алынып келген.

«Ала-Бука районунда коомдук абал туруктуу. 25-мартта COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча райондук штабдын жыйыны өткөрүлдү жана тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Райондун аймагындагы ар бир айыл аймактарда ыктыярдуу топтор түзүлүп, дезинфекциялоо жумушун колго алышты. Медицина кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү тургундарга үйүнөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө да активдүү катышууда. Ала-Бука айыл аймагынын жаштарынын демилгеси менен аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө ун жана азык-түлүктөр таратылды», - деп билдиришти райондук администрациядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×