Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март
Ош облусуОш 26.03.2020 11:20

Ошто коменданттык саатта кармалгандарга кандай чара көрүлдү?

Комендант Малик Нурдинов
Комендант Малик Нурдинов

Turmush -  Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорундагы коменданттык саат учурунда 91жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 91 адам 26-мартка караган түнү коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалып, РИИБге жана комендатураларга жеткирилип, айрымдарына эскертүү берилсе, кээ бирлерине айып пул салынган. Кармалган жарандар эртең мененки саат 7:00гө чейин кармалып, андан кийин үйүнө коё берилди. Алардын үчөө унаа менен жүрүшкөн.

Коменданттык сааттын эрежесин бузган адамдар:

- Кара-Суу районунда – 55 адам;

- Ноокат районунда – 11 адам;

- Ош шаарында – 25 адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×