Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

Нарын облусунун башчысы Ат-Башыдагы блокпосттун абалы менен таанышты. Сүрөт

// Turmush

Turmush -  Нарын облусунун башчысы Ат-Башы районундагы блокпосттун абалын көрүп, дарыкана, азык-түлүк саткан дүкөндөрдү кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 25-мартта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров менен бирге Ат-Башы районунун Чар аймагына уюштурулган блокпостто жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышкан.

Облус жетекчиси постто турган кызматкерлердин абалын сурап, элдин коопсуздугу үчүн жакшы кызмат кылып, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү керектигин эскертти. Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров алдыда постту тепловизор аппараты менен камсыздоого аракет көрүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле атайын жаштардан түзүлгөн ыктыярчылар тобу бул жерде кызмат кылып жаткандарга жардам берип, тамак-ашын камсыздап жатканын айтты.

Мындан тышкары дубан башчысы менен райондун акими азык-түлүк дүкөндөрүн, дарыканаларды кыдырып, элге зарыл болгон азык-түлүктүн запасын, баасын көрүштү. Сатуучулар бул жолкусунда ун, күрүч, тамак-аш майы жана башка айрым азык-түлүктөр бир аз кымбат келгенин билдиришти. Облустун башчысы сатуучулардан элди азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыздап берүүнү, бааны ашыкча жогорулатпоону өтүнүп, санитардык абалды сактап, ден соолукту сактоо керектигин билдирди.

Аталган посттон кирип-чыккан автоунаалар каттоо менен катуу көзөмөлгө алынып, ар бир унаа дезинфекцияланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×