Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

Кыргызстанга жайында келейин деп жаткам, - түрк элине келин болгон Нурзада

Нурзада Мусамамбетова
Нурзада Мусамамбетова

Turmush -  32 жаштагы Нурзада Мусамамбетова учурда Түркиянын Афьон-Карахисар шаарында жашайт. Эки уулдун энеси, жолдошу түрк элинин уулу. Өзү Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында төрөлгөн. Ал Turmush басылмасынын кабарчысына Түркиядагы абалды айтып берди.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда вирус жуктургандардын саны 1872 адамга, ал эми каза болгондордун саны 44 адамга жеткен.

«Афьон-Карахисар шаарында кичи ажылыктан келген 700 киши карантинге алыныптыр. Бул жакта аябай катуу көзөмөл болуп жатат. 65 жаштан жогорку курактагы адамдарды үйдөн такыр чыгарбай жатышат. Көчөлөрдү полициялар кайтарып жатышат. Мекеме-ишканалар жабылганына байланыштуу калкка кызмат көрсөтүүчү жайлар көбүнчө онлайн режимде иштеп жатышат. Бир гана азык-түлүк дүкөндөрү ачык. Көчөлөрдүн баары дезинфекцияланып жатат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга жана кары-картаң адамдарга атайын дайындалган кызматкерлер дары-дармектер, азык-түлүктөрдү жеткирип берүүдө», - деди ал.

Нурзада Мусамамбетова Кыргызстанга ушул жайда келмек.

«Сырттан келген адамдарды киргизбей, тышка эч кимди чыгарбай жатат. Аэропорттор да жабылды. Көчөдө бирин-серин гана адамдар жүрөт, унаалар деле жок. Бул жакта завод, фабрикалар көп болгондуктан баары жетиштүү. Анда иштеген жумушчуларга атайын формаларды беришкен. ЖМКдан маалыматтар тынбай айтылып, үйгө чейин гезит-журналдарды алып келишет. Мындан тышкары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Кыргызстанга жай мезгилинде барсамбы деп жаткам. Бара элегиме 2 жыл болуп калды. Туулган жеримди, туугандарды сагындым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×