Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо мөөнөтү өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кош-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Сарыгул Казиев билдирди.

«2020-жылдын 6-апрелине белгиленген Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо коронавирус илдети боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу жылдырылды. Шайлоонун мезгили азырынча белгисиз», - деди С.Казиев.

Шайлоо убактысы аныкталгыча айыл өкмөт башчысынын милдетин айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Айнагүл Сыдыкбекова аткарып турат.

Кош-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы Темирболот Абыкеев Кочкор районунун акими болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×