Бөлүмдөр
Жекшемби, 29-март

«Бири-бирибизди “дүлөй” дечүбүз»: Телефон менен аба ырайын айткан Калыйбүбү апа өткөн күнүн эскерди

Калыйбубу Абдызакова
Калыйбубу Абдызакова

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Калыйбүбү Абдызакова баатыр эне. Ал убагында телеграфта көп кыйынчылыктар менен иштегенин айтат.

Калыйбүбү Абдызакова 1939-жылы 20-сентябрда Ак-Жар айылында туулган. Учурда 3 кыз, 6 уул, 33 небере, 23 чөбөрөсү бар.

«Кара-Суу айылындагы жигитке турмушка чыктым. Кийин Ак-Жар айылында жашап калдык. Телеграфта 8 жыл, почтада улук оператор болуп 5 жыл, 17 жыл бөлүм башчы болуп иштедим. 1969-жылы мени колхоз жумуштарына которуп жиберишти. Андан кийин пенсияга чыктым. Азыр 10 200 сом пенсия алам. Улуу кызым 27 жылдан бери медайым болуп иштейт. Кийинкиси тигүүчү болчу, жүрөк оорусунан каза болуп калды. Биринчи балам электрик, кийинки балам Бишкек гуманитардык университетте проректор, кийинкиси курулуш жагында эмгектенет. Андан кийинкиси аскер кызматкери. Кичүү балам колумда. 6 келиним бар. Ата-энелер комитетинин төрайымы болуп жүрдүм. Азыр келиндерим ата-энелер комитетинин төрайымы болуп жүрүшөт. Мектеп менен тыгыз байланыштабыз», - деди ал.

Калыйбүбү апа телеграфта иштеген күндөрүн эскерди.

«Эчен азапты көрдүк. Телеграфта иштеп жүргөндө аба ырайын телефон менен берчүбүз. Тилибиз келбей, араң көнгөнбүз. Аба ырайы жалаң 6 сандан турчу. Район ичинде жалпы 92 мекеме бар болчу. Ар бир мекеме, батирлер менен байланышта болуп турчубуз. Азыр телеграфта иштеген 9 аял барбыз. Бири-бирибизди “дүлөй” деп айтып, күлө беребиз. Себеби, күн жааганда чагылгандын үнү катуу угулуп, кулагыбыз ооруп калчу.

Анда айлыгыбыз 17 сом болчу. Ошол эле кенен жетчү. Нарынга, Кара-Сууга барчумун. Эми азыр шаарда 1000 сом бир күнгө жетпейт экен. Акчанын куну өлбөдүбү.

Райондук кеңештин депутаты болуп, 13 киши дүкөндөрдү кыдырып текшерчүбүз. Ошондо катылган сыр чайнек, чыныларды дүкөнчүлөрдү коркутуп жатып алчубуз. Азыр баары жетиштүү, жайнап турат. Болгону ыйман, пейил, боор оору деген жок. Кайрымдуулук жасагандар аз болуп жатат. Мурда алганыбыз 17 сом болсо дагы, 5-10 сомун колунда жокторго бергенге аракет кылчубуз», - деп эскерди баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×