Ош облусуОш 23.03.2020 15:51

Ош облусунда түшүмдүүлүктү 20 пайызга кантип өстүрүп жатышат?

Turmush -  Ош облусунун бир топ райондорунда «Ага Хан» фондунун жана Улуу Британия өкмөтүнүн жардамы менен аткарылган долбоордун негизинде айыл чарбанын түшүмдүүлүгүн өстүрүп, чыр-чатактардын деңгээлин төмөндөтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу долбоордун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү пресс-тур учурунда айтып беришти.

«Кара-Суу районундагы Учкун жана Каарман айылдарында 780 гектар жердин 223 гектарына сугат суу жетишпейт, анын ичинде 150 гектары кайрак жерге айланган. Биздин долбоордун негизинде 2,7 чакырымдык “Чагыр” каналы 8,5 млн сомго курулууда. Анын ичинен 1,7 млн сомду жергиликтүү калк топтоп берген, калганын долбоор каржылаган», – деп долбоордун өкүлү Чынара Боронбаева билдирди.

Каналдын ишке кирүүсү менен 150 гектар жерге сугат суу толук жетет. Бул албетте бул айылдарда жашаган 4,6 миң жашоочунун турмушуна таасирин тийгизет. Суунун жетишсиздигинен алар чырдашып, кээде аймактарга же улуттарга бөлүнүү жаңжалдары болуп турган. Суунун кириши менен түшүмдүүлүктүн 20 пайызга өсүшү күтүлүүдө.

Мындан башка алгылыктуу жетишкендик — 1982 жылы курулуп, бирок абалы жаман жана капиталдык оңдоо жок болгондуктан 35% жоготуу болуп жаткан Ноокат районундагы «Тешик-Таш» каналын оңдоо иши. Бул канал 21 миңден ашуун адам жашап, негизинен эгин эгүү менен алектенген Он-Эки-Бел жана Төөлөс айыл аймактарынын фермерлерине мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Ош

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, сугат суу жетишсиздигинен өсүмдүктөр күйүп кеткен учурлар, анын айынан фермерлер «Ош-Баткен» республикалык жолун тоскон учурлар да болгон.

«Түшүмдүүлүктү биз агротехникалык эсептер менен караштыра албайбыз, себеби бардыгы суудан көз каранды. Суу өз убагында берилсе, биз түшүмдүүлүгүзбү пландап, айыл чарбаны өнүктүрмөкпүз», – дешет жашоочулар.

«Тешик-Таш» каналын бүтɵɵ иштерине долбоордун алкагында 11,6 млн сом сарпталган. Анын 7,3 млн сомун «Ага Хан» фондунун жана Улуу Британия өкмөтүнүн долбоору каржыласа, калган 4,3 млн сомун райондук суу башкармалыгы бөлгөн. Бул каражаттардын негизинде Ноокаттагы «Тешик-Таш» чарба аралык каналынын 1,2 чакырым аралыгы бетондолуп, дагы 7 чакырымындагы бардык жыртык-тешиги бүтөлөт деп күтүлүүдө.

«Каналды оңдоонун жыйынтыгында 3,7 миң гектар жерге сугат суу жетип, суунун жоготуулары жана токтотуу кыскарат. Мындан тышкары түшүмдүүлүктүн 15-20 пайызга өсүшүн жана суунун жетишсиздигинен чыгып келген чыр-чатактардын азайышын күтөбүз», – деди Ноокат районунун суу чарба башкармалыгынын өкүлдөрү.

Ош (2)

Жергиликтүү калкка сугат жана таза суу жеткирүү үчүн «Ага Хан» фондунун демилгеси болгон MSDSPKG «Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы» Коомдук фонду Улуу Британия өкмөтү менен биргеликте «Кыргызстандын жана Тажикстандын жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу аркылуу туруктуулукту бекемдөө» долбоорун аткарып келет.

Долбоор конфликттик жана чек ара жакта жайгашкан коомчулук үчүн таза суу, сугат суу жана жайлоо ресурстарын жеткирүүнү максат кылат. Аны менен бирге уюмдардын жана жергиликтүү бийлик органынын инфраструктураларды башкаруу жөндөмдөрүн өнүктүрүп, коомчулуктун мүчөлөрүнүн жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануусун кеңейтет жана жаштар менен балдарды бул ресурстарды туура колдонуу жана чыр-чатактарды жеңилдетүү боюнча маалымат алуусун кеңейтет.

Ош (4)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком