Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Ош облусуНоокат району 14.02.2020 15:50 Жаңыланды: 14.02.2020 19:24 На русском

«3 баштуу, 2 куйруктуу жылан бар экен»: Төлгөчүдөн акчасын доолаган Сайкал жеңенин күлкүлүү окуясы

Сайкал Жолдошева
Сайкал Жолдошева

Turmush -  Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын 43 жаштагы тургуну Сайкал Жолдошева 18 жашында турмушка чыккан. Башталгыч класстардын мугалими. Ал келин болгон кезиндеги кызыктуу окуяларын эстеди.

Сайкал Жолдошеванын күйөөсү Алдаяр Жолдошов 1973-жылы Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнүн Кош-Дөбө айылында туулган. Жубайлар бир мектепте окушкан.

«Жолдошум менен кайын сиңдим аркылуу таанышканбыз. Кайын сиңдим Айгүл экөөбүз бир класста окуганбыз. Мектепти аяктагандан кийин байланышыбыз үзүлүп кеткен болчу. 1995-жылы 8-март күнү Айгүл отурушка жүрү деп келип калды. Мен апама айтпай, чоң энемден сурандым да кетип калдым.

Ага чейин жолдошумду сырттан таанычумун, бирок сүйлөшчү эмеспиз. Ал кезде айылда 5-6 кыз-жигит чогулуп, отуруш уюштура беришчү. Ойноп, бийлегенден кийин Гүлбүбү деген курбу кызыбызды үйүнө жеткизмей болдук. Жолдошум мага шерик болом деп, экөөбүз курбу кызымды үйүнө жеткирип келдик.

Бир күнү кайын сиңдим конокко чакырды. Жолдошумдун үйүнө барып, сүйлөшүп отуруп калдык. Жолдошум "сени бирөө ала качып кетсе эмне кыласың?" деп сурады. Мен тамашалап "ким алат экен мени? Өзүм эле барайын" дедим. Бир кезде аяш апам жоолугун көтөрүп "айланайын, сен балама жактың. Сени келин кылып алып калам" деп кирип келип калды. Мен шок болуп, калбайм деп жоолукту ыргытып, ыйлап, ызы-чуу салдым. Кетейин десем түн кирген. "Үйдөн алып кеткиле. Эртең эрте үйгө кетем, анан силер аркамдан барасыңар" деп алдоого өттүм. Ошентип таң атты. Жолдошумдун тууган-уругу жыйналып, мени жибербей коюшту. Ата-энеме кабар беришти. Эң жоош эжем келип, "таш түшкөн жеринен жылбайт, үйдүн кичүү баласы экен" деп, калтырып кетти.

Жолдошум идеалдуу күйөө десем жаңылышпайм. Экөөбүз бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнөбүз. Оюбуз да бирдей чыгат. Жакшы ата», - деди Сайкал Жолдошева.

Ал жашоосундагы кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Апрель айында кайын энем пияз эгебиз деп калды. Ага чейин пияз эккенди көргөн эмесмин. Анан күйөөмдөн "пияз каякта?" деп сурадым, "тиги тамдын чатырында" деди. Тамдын чатырын карадым. Илгерки тамдарды мал короого улаштырып курушчу. Ошол там менен короо уланган жерге кышында суу өтүп кетпесин деп клеёнка жаап коюшат экен. Анын астында жашыл болгон бир нерсе өсүп туруптур. Жерди даярдап бүткөндөн кийин күйөөм "клеёнканын астындагы жашыл болуп турган пиязды көрдүңбү? Азыр ошону үзүп, эгебиз" деди. Мен таң калып, оозум ачылып, уругун күзүндө сээп коюшканбы деп көргөн көзүмө ишенбей, тамдын чатырына чыккыча шаштым. Анан клеёнканы ача калсам эле чөп өсүп туруптур. "Пияз кайда?" десем, күйөөм "ишенип калдың ээ" деп күлдү.

2002 жылы Карагандада (Казакстан) жашачубуз. Күйөөм жумушка кеткен болчу. Эки балам менен үйдө отурсам, эшикти бирөө такылдатып калды. Ачсам лөлү тектүү (цыган) аял туруптур. Жардам бериңизчи деди эле картошка, пияз берип жатсам, "чоң кыз, сизде кара дуба бар экен" деп калды. "Сиздин ичиңизде 3 баштуу, 2 куйруктуу жылан бар экен, үйүңө киргиз, тазалайм" деди. Бир чети корктум, бир чети лөлүлөр кантип алдай турганын көрөйүн дедим. Үйгө киргиздим. Жумуртка менен сүлгү алып кел деди. Алып барсам, "азыр мен бир дубаларды окуйм, ичиңдеги жылан чыгат" деди. Бир нерселерди окуп, жумуртканы сүлгүгө ороп, "сыртынан тиштеп, жумуртканы сындыр" деди. Тиштеп сындырдым. "Азыр сүлгүнү ачам, коркпо, эмне чыкканын көрөсүң" деп, сүлгүнү акырын ачты. Карасам, эле жап-жашыл болгон бир нерсе соймоңдойт. Тиги лөлү аял кыйкырып жиберсе, жүрөгүм түшүп калды. Сүлгүнү кайра жапты да, "бат-баттан алтын, акча, кымбат кийим, эмне болсо баарын алып чык, тезинен тазалабасам болбойт, өлүп каласың" десе, шашканымдан алтын сөйкөмдү чечип карматтым. Бир аз акча бар эле, аны да бердим. Бир кезде сөйкөмдү акчага ороп, алаканына салды да, үч ирет үйлө деди. Мен үч ирет үйлөдүм, анан эле алаканын ачса, акча жок. Шок болдум. "Акча кана?" десем, "сенде" дейт. "Кантип менде болот?" десем, бир чыныга суу алып кел деди. Суунун бетин жаап койду да "бир сааттан кийин рыба с водой, мои деньги, мои ценности со мной" десең, акча, алтындарың ушул чыныдан чыгат деди. Ошол жерден акчаларымды бер деп жармаштым. Тиги кача баштады. Экөөбүз тарткылашып жатып подъездге чыктык. Кошуна орус кемпир алдымдан чыгып калды. Ага акчаларымды бербей жатат деп айттым. Кемпир тигинин башына баштыгы менен чапты эле, лөлү аял акчаны да, сүлгүнү да берип, качып кетти. Сүлгүнү акырын ачсам, ичине рогатканын жашыл резинкасын салып койуптур. Ошол жерден күлгөнүмдү айтпа. Кечинде окуяны күйөөмө айтып берсем, лөлүлөрдүн жанын койбойсуң, базардан уурулардын жанын койбойсуң, детектив эле боло тургансың деди.

Бош убакта жолдошума жумушу боюнча жардам берем. Жазында чарбак, гүлдөр менен алек болом. Максаттарым көп. Бир ишкана ачсак деп жатабыз. Баары жумуш менен камсыздалып, бактылуу болушса, апама Якутияга жылына бир ирет барып турсам дейм. Апам якут, атам кыргыз. Алар 2002-жылы ажырашып кетишкен. Апам төркүнүнө кетип калган, Якутияда жашайт. Якуттарда картайган кезде туулган жерине кайтып барышат. Каза болсо, ошол жакта жерге берилет. Атам 2012-жылы рак оорусунан кайтыш болгон», - деди Сайкал Жолдошева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×