Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Чүй облусуМосква району 14.02.2020 15:13

Москва районунда Ооган жоокерлери урматталды

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда Москва районунда советтик аскерлердин чектелген контингентинин Ооган жергесинен чыгарылышынын 31 жылдыгы белгиленип, ооганчы жоокерлер урматталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук аскер комиссариаты тарабынан кабарланды.

Эскерүү күнгө райадминистрациянын, райондук аскер комиссариатынын кызматкерлери, Беловодск айылындагы 86123-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, соцтүзүмдүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Анда Ооган согушунда курман болгондор эскерилип, эстеликке гүлчамбар коюлду. Аза күтүлүп, асманга ок атылган.

«Мындан 31 жыл мурун, башкача айтканда 1989-жылы 15-февралда советтик аскерлер Ооган жергесинен толугу менен чыгып кеткен. Статистикалык маалыматтарга таянганда, Кыргызстандан 7141 жоокер согушка катышып, душмандын колунан 300дөн ашуун адам каза болгон. Ал эми 1500 жоокер жараат алып, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Ал эми биздин райондон Сокирченко Владимир Алексеевич, Ситников Анатолий Александрович жана Мажатов Руслан Анатольевичтер каза болушкан. Бүгүн биз согушта курман болгондорду эскерип, куран окуп, гүлчамбар коюп, тирүүлөргө таазим кылдык. Учурда Москва районунда 102 ооганчылар жашап, иштеп жатышат. Иш-чарада аким Өмүр Ногоев ушуларга токтолду. Ал эми райондук аскер комиссары, подполковник Жайдар Бусурманкулов ооганчыларды майрамы менен куттуктап, элибизге тынчтык, бир туугандык жана достук каалады», - деп билдиришти райондук аскер комиссариатынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×