Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Нарын облусуКочкор району 14.02.2020 14:04

Кочкордогу Эрмекти 200 000 сомдук аттар «жылдыз» кылууда

Эрмек Эркинбек уулу
Эрмек Эркинбек уулу

Turmush -  Кочкор районунун Ара-Көл айылынын тургуну Эрмек Эркинбек уулу көк бөрүгө минчү аттарын 200 миң сомго баалап сатат. Айылдагы улакчынын иши менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

Эрмек Эркинбек уулу мындан 16 жыл мурун жылкы пири — Камбар атанын тукумуна кызыгуусу күч алган. Атасы алып берген тайды багып, таптап, 2 жылда көк бөрүгө салган.

«8-класста окуп жүргөндөн тарта атка кызыгуум күчөдү. Айылдагы бизден улуу байкелердин көк бөрүгө түшкөн аттарын сурап минип, ары-бери бастырчумун. Ат дегенде көзүм жайнап, кызыгуум абдан күч эле. Кийин 1 тай алып, аны өз убагында жем-чөбүн берип, таптап, көк бөрүгө аралаштым. Чөнтөк жана Эрке тору деген аттарым бар эле. Бул аттар күчтүү чыгып, менин атагымды чыгара алышты. Аттарымды жарнама кылып сатам дебейм. Мен таптаган аттарды кызыккандар оюндан кийин сатып алып кетишет. Эрке тору деген атымды 200 миң сомго сурашканда саттым. Эми Талас облусунан келген Конор аттуу атым менен оюнга чыгып жатам. Өзү кичине болсо да эр жүрөк ат. Себеби, оюнда өзүнөн чоң аттарды жөөлөп, сүзөт жана дагы ылдам чуркайт. Эки оюнда жакшы жыйынтык көрсөтө алды», - дейт улакчы Эрмек Эркинбек уул.

Ал тукуму жакшы аттарды сатып алууга аракет кылат. Облуска белгилүү болгон Сары кашка аттын тукуму ат чабыштарга катышып, 4 ирет биринчиликти алган. Аны көк бөрүгө салып, сынап көрүү алдында турат.

«Негизи көк бөрүдө ойной турчу ат күчтүү болушу зарыл. Андыктан жеген тамактары да күчтүү болушу керек. Тамактануусун да көзөмөлгө алып, эртең менен арпа жана үчүнчү сорттогу ун берем. Кечкисин сулу жейт, 3 маал чөп берип, сугарам. Улак тартышта ойной турган аттарды таптоо — күлүк, жорголорго караганда бат табына келет. Оюнга чейин бастырып даярдайм. Оюндан соң 2 саат ачка кармап, анан чөпкө коем. Ат менин жашоом десем болот. Учурда 5 атым бар. Үйдө эки ат байланып турмайын көңүлүм тынчыбайт. Мындан сырткары да чарбага деген аттарым бар. Аларды жайкысын туристтерге жер кыдырууга берем. Ат менен мен атак-даңк топтоп, үй-бүлөмдү бага алам десем болот», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×