Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуКара-Балта 14.02.2020 11:29

Тоодон боюн таштаган кыз: Улуу махабат тууралуу баян

Turmush -  Кара-Балта—Баткен каттамы боюнча таксист болуп иштеген Айтпек (аты өзгөртүлдү) аттуу жигит Кара-Балта шаарынын 35 жаштагы тургуну. Ал жүргүнчүлөрдөн уккан сүйүүнүн даңазасы болгон Айгүл гүлү жөнүндөгү элдик уламышты аймактык кабарчыга айтып берди.

«3 жылдан бери түштүк тарапка 7 орундуу жеңил автоунаам менен жүргүнчүлөрдү ташыйм. Сапарда жүргүнчүлөр автоунаа ичинде таанышып, бири жердеш, бири тууган болуп чыгышат. Айрымдары Төө-Ашуудан өткөндө эле уйкуга киришет. Бир жолу баткендик аксакал Чычканга жеткенде "шоопур уулум, унааңды токтот" деди. Мен жолдун оң жагына токтоттум. Ал жерге түштү да, кыбыла жакты карап отуруп, куран окуй баштады. Колун жайганда биз да жүзүбүзгө бата тартык. Ал келип, "илгери мүрзө бар эле" деп койду. Ошентип жол уланды. Бир убакта карыя үн катты. "Менин жашым 75ке жакындап калды. Баштан оор күндөрдү өткөрдүк. Кыйын сыноолорго, кыйын кезеңдерге кабылдык. Баарын жеңдик. Балдарым чоңойду, жетилди. Учакка салалы дегенине болбой буга отурдум. Жер көрүп кетүү өзүнчө рахат. Ар бир жердин өз тарыхы, тагдыры болот. Жер эне менен адам баласы киндиктеш, сырдаш. Мына, Чычкан, Токтогул, Майлуу-Суу, Жалал-Абад жана башканы аралап өтөбүз. Аттары да өзгөчө, түшүнүктүү. Ал эми биз келе жаткан жердеги Сосновка, Петровка, Полтавка, Александровка жана башкаларга тилим келбей, түшүнгөн да жокмун. Баткенчилер Айгүл-Тоо, Айгүл гүлү менен сыймыктанабыз" деди ал. Жүргүнчүлөрдөн кимдир бирөө: "Ооба, укканбыз. Эми ата, ал уламыш да. Ошентсе да айтып бериңиз. Узун жолду кыскарталы" деп калды. Карыяга анын сөзү башкача таасир калтырды шекилдүү. "Туура. Элдик уламыш. Бирок, кандай болгон күндө да тарыхты биле жүргөн жакшы. Биз, баткендиктер Айгүл-Тоого барып куран окуп, силердин сөзүңөр менен айтканда сүйүүнү, махабатты даңазалаган кыз-жигиттин арбагына багыштайбыз. Элибиздин тынчтыгын, эсенчилигин жараткандан тилейбиз. Бул ыйык сезимди эч ким сөз менен жаза албайт. Үнсүз жүрөгүбүздүн согушу менен жан дүйнөбүзгө сугарабыз. Силердин азыркы төлгөчүнүн ташындай алмашкан, мына биз жакындап бара жаткан Шамалды-Сайдын кумундай сапырылган сүйүүңөрдү көрүп жүрбөйбүзбү. Сүйүүнү туу туткан — эрдик. Сүйүү — бул жазуусу жок сезим. Ошону туу туткан — Айгүл менен Козулан" деди. Менин кулагым карыянын сөзүндө болгону менен көзүм жолдо. Ылдамдыкты бирде жогорулатып, бирде төмөндөтүп кетип жаттым.

Карыя кайрадан сөз улады. "Кыргыз эли байыркы көчмөн эл. Илгери алар өз турмушунда согушту башынан көп өткөрүшкөн. Ошол жоокерчилик заманда бир хан болгон экен. Ал жүзү ай нуруна бөлөнгөн, сулуулугу суктандырган кыздуу болот. Анын атын аздектеп Айгүл коёт. Айгүл акылдуу, мээнеткеч жана жароокер болуп бой жетет. Ал күндөрдүн биринде хандын аскер башчысы болгон Козулан аттуу жигитти көрүп, жактырып калат. Анын келишкен бою, кыймыл-аракети, сүйлөгөн сөзү, аткарган жумушу кыздын жүрөгүнөн түнөк табат. Ал эми ошол эле күндөрдө Козулан да Айгүлдү жактырып, бирок сүйүү сезимин билдирүүдөн айбыгат. Арадан күн өткөн сайын экөөнүн ортосундагы жылуу мамиле жакындап, жылдыздары төп келип, баш кошууга даярдыктар көрүлө баштайт. Ошондой күндөрдө айыл ичине душмандар капилеттен кол салып, Козулан сүйүүдөн мекенин артык тутуп, жеңиш менен келип үйлөнүүнү болжоп, согушка аттанат. Согуш жеңиш менен аяктайт. Аскер башчы Козулан катуу жарадар болот. Мекенине жетүүгө эч мүмкүнчүлүгү болбогондон улам аскерлерине кайрылып: "Менин жүрөгүмдү кутучага салып, мекениме жеткиргиле" деп акыркы сөзүн айтат. Бул учурда айыл ичи тойго кам көрүү аракетинде болот. Жеңишти уккан Айгүл 40 кызын ээрчитип, аскерлердин алдын тосуп чыгат. Козулан баатырдын өлгөнүн айта албаган аскерлер кутучадагы жүрөктү Айгүлгө сунушат. Акылдуу кыз окуянын чоо-жайын дароо түшүнүп, кутучадагы жүрөктү алып, тоону көздөй бет алат. Ал чуркап тоого чыгып, боюн тоодон таштайт. Сүйүүнүн күчүнө багынган ай чырайлуу Айгүл каза болот. Кийинки жылы кыздар ал тоого чыгышса ошол жерге кызыл-тазыл, кочкул, сары түстөгү гүлдөр жайнап чыккан болот. Ал гүлдөргө Айгүл деп ат коюшат. Ал эми тоону Айгүл таш, ага жакын жайгашкан тоону Козулан деп аташкан экен. Ошондуктан ал жер ыйык. Көп элдер, чет элдик туристтер келишет. Өзгөчөлүгү ай тийгенде ал гүл ачылганында. Башка жерге өспөйт. Бул сүйүүдөн бүткөн гүл. Айгүл гүлү — чыныгы, таза сүйүүнүн символу" деди ал.

Жүргүнчүлөрүм бул сөздөрдү укканда, "тобоо, керемет сыр бар экен. Көптү көрүп, көптү уккан аксакал экенсиз. Айрымдарыбыз таң калып жатабыз. Уламышпы, курамышпы биз үчүн чоң сабак болду. Бардык сезимдер дал ушундай тунук, таза болсо кана" дешип, ыраазычылыгын билдирди. Мен үчүн бир китеп окугандай эле болдум.

Жолдо көп сөздөр болду. Ал аксакалдын атын унутуп да калдым. Сүрөткө да тартып албаптырмын. Мурда совхоздо башкарма болгон экен. Өтө тың, ар бир сөзү маанилүү, так жана таамай айтылган. Кийин бир жолу мен да баткендиктерге айта баштасам, "ээ досум, бул окуяны ар бирибиз билебиз. Бирок мындай сүйүүнүн туу чокусуна жеткен окуяны көрө элекпиз. Андай болбосун дагы" деп коюшат.

Бул окуя көпкө эсимде жүрдү. Аксакал айткандардын көбүн унутуп да калдым. Өтө кызыктуу эле», - деди таксист.

Тема боюнча: Элдик уламыш: Баткендеги жүрөк таш Айгүл кыз менен Козулан баатырдын сүйүүсүнүн символу (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×