Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Ош облусуКара-Суу району 14.02.2020 10:17 На русском

Айыл турмушу: Кара-суулук жаш фермер 100 миң сомдук кочкор сатып алып, 70 кг эт берген койлорду багууда. Видео

Нургазы Мамедов
Нургазы Мамедов
// Turmush

Turmush -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылынын тургуну Нургазы Мамедов 10 жылдан бери мал чарба менен алектенип келет. Ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде өзү сүйгөн жумуш менен алектенип, жергиликтүү койлорду асыл тукум койлор менен аргындаштырып, эт багытындагы койлорду багып жатканын билдирди.

Учурда фермердин 250гө жакын кою бар. Анын 100дөн ашыгы эт багытындагы асыл тукум койлор. Фермер Кыргызстандын шартына, климатына гиссар тукумундагы койлор ылайык келерин айтты. Өзүнүн айтымында, асыл тукум койлорунун ар бири 30-40 кг эт берет.

«Азыр чарбабызда 250 тубар кой бар. Ар бир жылдын февраль айынын башында койлор төлдөп баштайт. 250 тубар койдун ичинен 100 койду Тажикстандан алып келгенбиз. Гиссар тукумундагы койлор жергиликтүү койлорго караганда жакшы чоңоёт. Чөптү тандабай жейт. Дайыма семиз болот. Жергиликтүү койлорго салыштырмалуу төлү да жакшы. Гиссар тукумундагы койлор сүттүү болгондуктан козулары бат жетилет. Бул койлор Кыргызстандын шартына ылайыктуу, тоолуу аймактарда жакшы өсөт. Жергиликтүү койлор менен гиссар кочкорлорду кошуп, аралаш тукумдагы козуларды алса болот. Бул ыкма жакшы натыйжа берүүдө», - деди Нургазы Мамедов.

Фермердин койлору учурда мал сарайда багылууда. Аларды кароо үчүн жумушчу жалдайт. Койлор жай мезгилинде Алай районунун жайлоосуна кетип, күз мезгилинин соңку айларында кайтып келишет.

«Жылына 1000 түк чөп камдайбыз. Койлорду кыш мезгилинде да талаага жаябыз. Күз мезгилинин соңку айларында жана кышында койлорду Баш-Булак айылына алып келебиз. 250 койго күнүнө 80 кг жем беребиз. Койлор тууп баштаганда 2 маал жем берилет. Март айынын ортосуна чейин жем беребиз. Гиссар тукумдагы койлордун дагы бир жакшы жери — анча-мынча ооруга моюн бере бербейт. Өтө чыдамдуу болуп саналат», - деди Н.Мамедов.

Ал койлорду жакшы шартта караса төлү жакшы болорун айтты.

«Жакшы шартта карап, тоют, жемин убагында берсең, төл убагында козулар өлбөйт. 1 козу тууган койлор, эгиз туугандар, жаңы тууган койлор өз-өзүнчө сарайда кармалат. Бирок фермерлер үчүн койлордун бир гана козу тууганы жакшы, анткени койлор жалгыз козусун жакшы карап, тез чоңойтот. Негизинен Кыргызстандын тоолуу шартында 1-февралдан баштап төл башталганы ыңгайлуу», - деди Н.Мамедов.

Гиссар койлор эт багытында болгондуктан базарда жергиликтүү койлорго салыштырмалуу баасы кымбат болот.

«Азыр чарбабыз жакшы жүрүп жатат. 250 тубар койдон 250-270 козу алабыз. Эркек козуларды тукум алууга, ургаачыларын этке сатып жатабыз. Короомо келип алып кетишет. Койлордун жарымынан көбүн базарга алып чыгып сатабыз. Ар бири эң аз 10 миң сомго сатылат. Семизи 15 миң сомго чейин бааланат. Элита койлорубуз бар. Алар 40 килограммдан 70 килограммга чейин эт беришет. Кочкорлору козу кезинде 30 кг эт берет. Чоңойгондон кийин туруктуу 50 кг эт бере баштайт. Койлорду кышы-жайы койчуларыбыз карайт. Аларга айына 15 миң сомдон айлык акы төлөп турабыз», - деди фермер.

Ал койлордун асылдуулугун арттыруу үчүн Казакстандан жана Тажикстандан 2 кочкор сатып алган.

«Азыр эки гиссар тукумундагы кочкорлорум бар. Алардын бирөөсүн Казакстандын Шымкент облусунан алып келгем. Аны 40 миң сомго сатып алгам. Ал эми экинчисин Тажикстандан алып келгем. Анын баасы 100 миң сомду түздү», - деди Н.Мамедов.

Фермер үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×