Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Баткен облусуКадамжай району 14.02.2020 09:29

Бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткендин кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда күндүз Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

14-февралдан 17-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек–Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке–Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×