Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуАксы району 13.02.2020 18:51 На русском

Аксыда жигердүү жаштар окуучулар үчүн китеп борборун түптөп беришти

Turmush -  Аксы районунун Мукур айылынын демилгелүү жаштары мектеп окуучулары үчүн чакан китеп борборун түптөп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Демилгелүү жаштар китептерди сатып алуу үчүн 10 миң сом каражат чогултушкан.

«Алгач дилгир жаштар биригип, айылыбыздагы көйгөйлөрдү колубуздан келишинче өзүбүз чечели деген максатта "Мекен келечеги — жаштар" деген чакан фонд түздүк. Негизи баарыбызга эле маалым болгондой айылдагы мектептерде же айылдык китепканаларда улуттук адабий чыгармалар, чет элдик жазуучулардын китептери жетишсиз. Жаштарды китеп окууга үндөө максатында Мукур айылындагы Калмат Алымкулов атындагы орто мектебинин окуучулары менен биргеликте мектепте "Данек" деп аталган китеп борборун түптөдүк. Демилгени өзүбүз көтөргөндүктөн, аталган борборго тарбиялык мааниси бар адабий китептерди сатып алуу үчүн 10 миң сом каражат топтоп, ага кыргыз жазуучуларынын чет элдик жазуучулардын адабий китептерин сатып алдык», - дейт жаңы түзүлгөн коомдук фонддун төрагасы Бообек Нурматов.

Мындан сырткары ал аталган борборго китеп алып берип, көмөк көрсөтүүнү каалагандар үчүн атайын банктан эсеп ачылганын кошумчалады.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×