Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 13.02.2020 17:54 На русском

Бүгүн ак-талаалыктарды сүйүндүргөн окуя болду. Сүрөт

// Турмуш

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында курулуш иши 6 жыл мурун башталган 275 орундуу мектептин ачылыш аземи белгиленип, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектеп 1976-жылы 275 орундуу болуп курулган. 4 корпустан турган мектептин имараты авариялык абалга кептелип, бөлмөлөр жетишпегендиктен окуучулар 3 кезек менен окуп келишкен. Спорт залы жок болгондуктан окуучуларга дене тарбия сабагы сырттан өтүлүп келген. Бул көйгөй убагында эске алынып, 2014-жылы 275 орундуу имарат спорт залы менен бирге курулуп баштаган. Курулуштун тендердик баасы 66 млн 637 миң сомду түзгөн. Курулуш иштери башталгандан бери каралган каражат өз убагында бөлүнүп берилбегендиктен курулуш иштери 6 жылга созулуп келген. Ал тургай 2017-2018-жылдары тендерден жеңген курулуш фирмасы өз каражаты менен курулуш иштерин жүргүзгөн.

Тургундар чыдамсыздык менен күткөн мектептин ачылыш аземи бүгүн, 13-февраль күнү салтанаттуу белгиленди. Ага ЖК депутаттары, облустук жана райондук бийликтин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө мектептин курулушчуларына жана айрым мугалимдерине өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн, райадминистрациянын жана облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары, ыраазычылык каттары ыйгарылды. Мектепке ЖК депутаттары тарабынан 2 даана компьютер, Э.Карасартовдун урпактары тарабынан 100 миң сомдук сертификат тапшырылды. Мындан тышкары, курулуш иштерин аткарган фирманын жетекчисине Баетов айыл өкмөтү тарабынан бакай калпак жана чапан кийгизилип, ыраазычылыктар билдирилди.

Эсенгул Карасартов 1926-жылы туулган. Өмүрүнүн аягына чейин айыл чарба тармагында үзүрлүү эмгектенип, «Жеңиш», Ленин жана Данов атындагы колхоздорунда башкарма болуп иштеген. Анын ысымы аталган мектепке берилген.

Учурда бул мектепте 777 окуучу билим алса, аларга 105 мугалим билим берип келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×