Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Ош облусуЧоң-Алай району 13.02.2020 20:21 Жаңыланды: 13.02.2020 22:01 На русском

Жаш талант: Чоң-алайлык окуучу мрамордон келечектеги үйүнүн макетин жасады. Видео

Turmush -  Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айыл өкмөтүнүн Чулук айылынын 16 жаштагы тургуну Мухибилла Сүйөров сары таштан 2 кабаттуу үйдүн макетин жасады. Ал үйдүн макетин жасоо үчүн 3 ай убакыт короткон. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жыл сайын мектебинде өткөн ойлоп табуучулардын сынагына катышып келет. Ал агасынын жардамы менен өзүнүн келечекте жашай турган үйүнүн макетин жасаганын айтты.

«Улуу агам да турмуш-тиричиликке керектүү каражаттар, кыймылдаткычтардын жардамы менен ар кандай жабдыктарды жасап, сынактардан 1-2-орундарды алып келген. Агамдын иштерине аралашып жүрүп мен дагы кызыга баштадым. Сары таштан жасаган үйдүн 1-кабатында 3 чоң бөлмө, бир даараткана жана жуунучу бөлмө бар. 2-кабатында 4 бөлмө орун алып, анын экөөсү атайын балдар үчүн бөлүнгөн. Бөлмөлөрдүн ичине килемдер салынып, кадимкидей айнектер орнотулган. Биринчи кабаттан экинчи кабатка чыгуу үчүн тепкичтер да бар. Үйдүн макети сары таштан жасалгандыгы үчүн анын салмагы 9 кг. Өнөрүмдү көргөн үй-бүлөм, туугандарым жана досторум ар тараптан колдоо көрсөтүп, өздөрүнүн келечектеги үйүнүн макетин жасатканга да буюртмаларды берүүгө жетишти», - деди Мухибилла Сүйөров.

Ал буга чейин кагаз, жыгачтардан көп кабаттуу үйлөрдүн, мектептердин макеттерин жасап келген. Эми таш кесүүчү жабдыктын жардамы менен сары таштан имараттардын макетин жасоого кол байлап турган чагы. Жаш талант мектепти аяктап жатканда заманбап жаңы типтеги мектептин макетин жасап, өзү окуган билим уясына белек кылууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×