Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Нарын облусуКочкор району 13.02.2020 13:01

Кочкордун тургуну А.Исаковдун 300 долларлык койлору жылына 2-3 козу тууп жатат

Акылбек Исаков
Акылбек Исаков
// Турмуш

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Ара-Көл айылынын тургуну Акылбек Исаков 300 доллар турган Роман тукумундагы койлорду багууда. Фермердин иши менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

Акылбек Исаков жубайы менен биргеликте айыл четиндеги сарайда өзгөчө койлорду эки жылдан бери багып, тукум алышууда. Бул койлорду былтыркы жылы уулунун демилгеси менен козу кезинде ар бирин 300 долларга сатып алышкан.

«Уулум Роман тукумундагы койлорду багып көрүүнү сунуштап калды. Ар бир койдун башын 300 доллардан сатып алдык. Тактап айтканда 17 токту, 2 кочкор сатып алганбыз. Бул койлордун өзгөчөлүгү, уяң жүндүү жана бир кой 3 же 4кө чейин козу тууйт экен. Быйылкы жыл менен экинчи төлүн алып жатабыз. Койлор ысык-суукка чыдамдуу келишет экен. Булар кой менен бөкөндүн (көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбар) аргындашканынан ушундай койлор чыкканбы деп калам. Себеби башы бөкөнгө окшош жана ылдам да чуркайт. Ал эми денеси кадимки кой, жүнү көгүш өңдө, уяң жүндүү кой. Былтыркы жылы жаңы баккандыктан сырын билбей төл учурунда айрым козуларын өлтүрүп алганбыз. Быйыл төлдөп жатышат. Козулары тойбой калганда кошумча сүт берип багып жатабыз. Койдун тирүү салмагы 60 килограммдан ашат экен. Ал эми сойгондо таза салмак 40 килограммга барат экен. Эти чымыр болуп, кыргыз койлордун этинен салмактуу болорун байкадым. Азыр Кыргызстанда Роман тукумундагы койлор көп багыла элек. Анткени ушул койлор боюнча маалыматтарды угуп, билим турам. Жаңы туулган козуларын 5 миң сомго баалап сатып жатышкандарын жарнамалардан көрүп жатам», - дейт фермер Акылбек Исаков.

Ал эми фермердин жубайы бул Роман тумундагы койлордун жүнүнүн 1 кг салмагы Россияда 700 сомго баланарын айтты.

«Былтыркы жылы кыркылган жүндөрүн да сактап отурам. Быйылкы жүнүн кошуп, кийиз жасап көрөйүн деген ниетим бар. Уяң жүндүү болгондуктан кийиз жасоого, токууга жана ар кандай түскө боеого эч кыйынчылык жаратпайт», - дейт ал.

Интернеттеги маалыматтарга таянсак, Роман породасындагы бооз койлор козуларын 143 күндөн 150 күнгө чейин көтөрөт. Бул койлор бир жылда орточо эсеп менен 2-3 козу тууйт. Эгер ээси аларды жакшы бакса, Роман породасындагы койлордун бир жылда бешке чейин козу тууганга мүмкүнчүлүгү бар.

Ушул сыяктуу макалаларды «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермер» журналы нан окуй аласыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×