Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Нарын облусуНарын 13.02.2020 12:02

Нарын шаарынын борбордук базарындагы иретсиздиктин себептери айтылды

Turmush -  Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана биринчи вице-мэр Давид Курманов 11-февралда Нарын шаарынын борбордук базарын кыдырып, мыйзамсыз иш алып барып жаткан соодагерлерге эскертүүлөрдү берип, дагы да иретке келтирүүнү улантуу боюнча тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тапшырмаларды беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүү учурунда мыйзамсыз токтогон унаалар айып пулдар салынып, ал эми мыйзамсыз соода-сатык кылып жаткан соодагерлерге оозеки эскертүүлөр берилди.

«Жыл сайын мындай текшерүү иштери активдүү жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, мыйзамсыз иш алып барып жаткандардын дагы да саны арбын. Анын биринчи себеби, базар кичинекей жана тар. Ошентсе да, соодагерлер, кардарлар жана айдоочулар тартипти жакшы сактаса эле, базар иретке келмек. Бул жерде кийинки көйгөй автоунаа токтоочу жайдын жоктугу. Көбү жолго мыйзамсыз токтотуп коюп, башкаларга тоскоолдук жаратат. Бул көйгөйлөрдүн чечилүү жолун да издеп жатабыз», - деди шаар башчысы Нурбек Молдокадыров.

Буга чейин чоң соода түйүндөрүн иштеткен ишкерлер өз алдынча сүйлөшүп, өз аймактарына унаа токтотуучу орундуктарды жаз алды менен жасап берерин убада кылышкан. Эгерде бул долбоор ишке ашып калса, анда С.Орозбак көчөсүнүн (А. Шуллер көчөөсүнөн баштап С.Андабеков көчөсүнө чейинки аралык) эки тарабына унаа токтоочу орундуктар жасалмакчы. Бул тууралуу да жеринде сүйлөшүүлөр жүрүп, мыйзам чегинде иш алып барууну тиешелүү кызмат жетекчилерине тапшырылды.

Андан соң шаар башчысы Нурбек Молдокадыров Ленин көчөсүндө жайгашкан М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драм театрынын жетекчиси Темирлан Сманбеков менен жолугуп, театрдын алдындагы тосмону эки метр жылдырууну сүйлөшүп макулдашты. Жаз алды менен тосмолор жылдырылып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуар кеңейтилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×