Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 13.02.2020 11:09

Ак-Талаада «Мен бийчимин» сынагынын жеңүүчүлөрү 2-турга жолдомо алышты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Мен бийчимин» аттуу кароо-сынактын 1-туру аяктап, алдыңкы упай топтогон бийчи кыздар 2-турга жолдомо алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 12-февралда Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган «Мен бийчимин» сынагына айыл аймактардагы орто мектептин окуучулары катышты.

Сынактын негизги максаты — айыл аймактардагы таланттуу балдардын бий өнөрүнө болгон шык-жөндөмдөрүн эл алдына тартуулоо, алардын руханий байлыгын, маданиятын көтөрүү жана ынтымакка, биримдикке чакыруу болуп саналат.

Сынактын алгачкы 1-туруна 15 команда катышып, алар кыргыз улуттук бий, учур талабына ылайык жаштардын заманбап бийин жана башка улуттардын бийин аткарышып, калыстар курамынын чечими менен упайларга ээ болушту.

Көп упай топтоп, 2-турга жолдомо алган командалар:

- Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин «Ак мөөр» бий тобу 148 упай топтошту;
- Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин «Азем» бий тобу 142 упай,
- Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин «Береке» бий тобу 142 упай,
- Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Наиля Карыбекова 140 упай;
- Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин «Камбаркан» бий тобу 140 упай,
- Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинин «Санат» бий тобу 140 упай,
- Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектебинин «Камбаркан» бий тобу 136 упай,
- Чолок-Кайың айылынын Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинин «Жалын» бий тобу 134 упай топтоду.

Аз упай топтоо менен сынактан четтеген командалар:

- Ак-Тал айылынын Аскар Турдакунов атындагы орто мектебинин окуучусу Айдай Арунбекова 133 упай,
- Кара-Бүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин «Ак мөөр» бий тобу 129 упай,
- Кызыл-Белес айылынын Сүйүмбек Атамбеков атындагы орто мектебинин «Кыз кыял» бий тобу 129 упай;
- Ак-Кыя айылынын Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектебинин «Кыргызстан» бий тобу 124 упай,
- Кайыңды-Булак айылынын Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин окуучусу Эмилбек кызы Индира 124 упай,
- Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинин «Эверглоу» бий тобу 117 упай,
- Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин «Адеми» тобу 114 упай топтоду.

Ал эми сынактын 2-туру 15-февралда өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×