Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.02.2020 10:37 На русском

Ак-Сууда ата мекенди сүйүүгө үндөгөн сынак өтүүдө

Turmush -  Ак-Суу районунда «Милдет, намыс, ата мекен!» аталышындагы сынак өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кароо сынак окуучулар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана аларды ата мекенди сүйүүгө үндөө максатында уюштурулган. Ага райондогу 35 мектептин окуучулары катышып жатат.

Ак-Суу РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жетекчиси Канатбек Байзаковдун айтымында, иш-чара 23-февраль — Ата мекенди коргоо күнүнө карата өткөрүлүүдө.

«Биринчи турда алдыңкы орундарды багындырган 7 команда райондук сынакка катышат. Сынакта окуучулар аскердик өнөрүн көрсөтүү менен патриоттук ырларды аткарышууда. Ошондой эле кылмыштуулукту алдын алууда өздөрү кандай салым кошо алышарын видеоролик түрүндө көрсөтүп жатышат», - деди К.Байзаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×