Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Чүй облусуСокулук району 13.02.2020 08:09 На русском

«Кулагы сынып, денеси көк ала болгон»: 8 жаштагы майып бала сабалдыбы же жыгылдыбы?

// Турмуш

Turmush -  Ушул жылдын 5-февралында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык интернат-үйүндө тарбияланып жаткан 8 жаштагы С.Т.нын денесиндеги көк алаларды чоң атасы көрүп, кызы Алия Кокумовага билдирген.

Анын айтымында, уулун жалгыз багууга шарты туура келбей, аталган интернатка 2019-жылдын 5-декабрында алып барган.

«Уулум акыл-эстен жабыркайт жана такыр сүйлөбөйт. Аны атам карачу. Атамдын карылыгы жетип, ден соолугу жакшы болбогондуктан жана өзүм иштегендиктен баламды аталган жайга берүүнү туура көрдүк. Бирок, интернаттан мындай мамиле болорун күткөн эмеспиз.

Мен буга чейин жумасына бир канча жолу уулума барып, ал-ахыбалын көрүп турчумун. Кээде атам барчу. 5-февраль күнү атам барып, анын денесиндеги көк аланы көргөн экен. Көк ала бир жума мурун пайда болуп, акырындан тарап бараткан экен. Атам дароо интернаттын башкы дарыгерине, тарбиячыларга кайрылып айтса, алар аны дароо сабырдуулукка чакырып, эч кандай ызы-чуу салбасын суранышып, бала башка балдар менен ойноп жатып, оюнчуктар менен согушуп кетсе керек деп айтышкан. Бирок, биз эртеси Москва РИИБге барып, окуяны айтып, арыз жазалы деп келдик десек, РИИБден: «Азырынча жазбай тургула, сиздин балаӊыз ким капа кылганын көргөзсүн, андан кийин арызды кабыл алабыз» деп балдар менен иштөө инспектордун номурун берип коюшту. Бирок, биздин бала эч сүйлөбөйт. Биз көпкө чейин арызды киргизели деп аракет кылдык, бирок ал орундалган жок. Аталган интернаттын директоруна да барып жолуктук. Бирок, ал бул окуя боюнча кабары жок экенин билдирип, төмөнкүдөй жооп кайтарды: «Ишемби, жекшемби күндөрү бир эле бала багуучу болот. Ал кир жууп, имаратты тазалап, балдардын баарын карап жетишпейт» деген. Кийин дагы «мындай ызы-чуу кылбай эле койсоӊор болмок. Өзүбүз эле чечмекпиз да, менин кан басымым бар. Мен силердин үстүӊөрдөн арызданам, моралдык чыгым кылдыӊар, мени ушундай абалга жеткирдиӊер» деди. Мен болсо жазыӊыз дедим», - деди ал.

Алия Кокумованын жакындары андан ары ИИМдин түз байланышына чыгып, окуяны айтып, айрым ЖМКларга кабар берген. Ошондон кийин гана Москва РИИБдин кызматкерлери иштей баштаган.

«Ошентип 7-февраль күнү арызыбызды кабыл алышты. Ошондон кийин соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Аймактык оорукананын сынактар бөлүмүндөгү хирург көрүп, үзгүлтүксүз сабалган деп айтты. Баланын кулагын 20 күн мурун бирөө бурап сындырган экен. Анын баарын хирург каттады. 10-февраль күнү Москва райондук РИИБдин жетекчисинин орун басары телефон чалып, «мени түшүнүк кат жазып кетиӊиз» деди. Эмнеге жазам деп барган жокмун. Бул менин ЖМКларга арызданганым үчүн го деп ойлодум. Азыр бала үйдө ооруп жатат. Стресс алган. 2011-жылкы. 2 жашка чыкканга чейин сүйлөп кетет деп ишенгенбиз. Бирок 2 жаштан кийин дарыгерлер сүйлөбөйт деген диагноз койгон», - деди ал.

Ал эми аталган жайдын директору Светлана Такырбашованын айтымында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкса, бала багуучулар өз жазасын алышат.

«Азыр бизде кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Ошондой эле иш РИИБде каралууда. Бала багуучуларым баланы урду деп айта албайм. Баары оорукчан балдар. Жыгылып кетишет, бирин-бири түртүп салышат. Соттук-медициналык экспертизадан өткөргөнбүз. Жеӊил жарат деп айтылган, бирок расмий берише элек. Балдар ойноочу аянтчадагы сыйгалактан жыгылган деген да божомол бар. Он жылдан бери мындай тарбиячы урду деген окуя болгон эмес. Бирок, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкса, бала багуучулар өз жазаларын алышат», - деди ал.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 8 жаштагы баланын денеси интернаттан көк ала болуп, милиция арызды кабыл албай койгон деген маалымат чындыкка дал келбейт.

6-февралда Москва РИИБге 1991-жылы туулган А.К. оозеки түрдө кайрылып, Беловодское айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык интернат-үйүндөгү 2011-жылы туулган уулунун денесинен көк алалар табылганын айтып, чара колдонуп берүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 144-беренеси менен (Уруп-согуп кыйноо) катталган.

«6-февралда А.К.ны Москва РИИБдин жетекчиси кабыл алган. Аталган жарандын айткандары боюнча маалыматты каттоо иши РИИБдин кызматкерлерине жүктөлгөн. Ушул маалда ыкчам тергөө тобу райондун башка жерине жумуш менен кеткендиктен интернатка Москва РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору жиберилип, ыкчам тергөө тобу келгиче тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүсү айтылган. Мындан тышкары РИИБдин жетекчиси тарабынан толук жана объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн соттук-медициналык экспертти дагы аталган жерге жиберүү, баланын денесиндеги көк ала жана башка тактарды табуу, анын энесинин жардамы менен баланын көрсөтмөсүн алуу тапшырмалары берилген», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.
Азыркы тапта Москва РИИБдин тергөө тобу тарабынан аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелип, тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×