Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Чүй облусуТокмок 12.02.2020 17:56

Токмокто туруктуу каттоого тургандардын саны 6 миӊге чукулдады

Токмок
Токмок

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында жыл башынан бери 6 миңге чукул адам туруктуу каттоого турду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Токмок шаарында жыл башынан 10-февралга чейин 6 миңге чукул адам туруктуу каттоого алынган.

«Жарандардын өлкөнүн каалаган аймагына туруктуу жашоо боюнча орун алмаштыруусуна эркиндик берилген. Жарандын өз каалоосу менен жана каттоого тургузуу боюнча эрежелер бекитилген токтомдун негизинде каттоого тургузабыз. Мында үйдүн документи, үйдүн ээсинин макулдугу, катталып жаткан жарандын паспорту керек», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары катталгандардын көп болуп жатканын апрель айында өтүүчү шайлоо менен байланыштырышты. Шайлоодо Токмок шаардык кеңешине депутаттар тандалат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Токмок шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Исманалиева айрым маалымат булактарына мурда Токмок шаарына каттоого тургандар азыраак экенин, учурда каттоого алынып жаткандар чындап көбөйүп жатканын жана алар Чүйдүн ар кайсы айылдарынан, райондорунан келип каттоого туруп жатышканын билдирген.

Токмок шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Жайнагүл Аманова:
«Каттоого турган адамдарга эч кандай тиешебиз жок. БШК бизге туруктуу каттоодо турган жарандардын тизмесин берет. Биз ошол боюнча иштейбиз.

Азырынча партиялардын документтерин кабыл алуу иштери баштала элек», - деп билдирди ал.

Токмок шаарында 34 496 шайлоочу жана 31 депутаттык мандат бар.

Шаар тургундарынын айтымында, шайлоого болжол менен «КЛДП», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Өнүгүү» партиялары катышууга белсенип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×