Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Чүй облусуМосква району 12.02.2020 22:18

Москва районунда ынтымак чайы уюштурулду

Turmush -  Бүгүн, 12-февралда Москва районундагы ресторанда ынтымак чайы уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага раймамадминистрациянын, соцтүзүмдөрдүн кызматкерлери, райондун бардык аймактарынын айыл аксакалдары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана маданият кызматкерлери катышты.

«Ынтымак чайы райакимчилик тарабынан уюштурулду. Ага 250дөн ашык жергиликтүү тургундар катышты. Алгач райаким Өмүр Ногоев ырыстын башаты — ынтымак экендигин, иш-чара эч кандай саясатка аралашпай, элдердин достугун бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи. Ошондой эле, Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында биримдик жана бир туугандык менен райондун социалдык-экономикалык жетишкендиктерин көтөрүү, аймактардын инфратүзүмүн жогорулатуу маселелери да көтөрүлдү. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, жабыла көтөргөн жүк жеңил боло турганын далилдүү турмуштук чакыруулар менен катышуучулар ачыкташты. Улуу муундар дайыма көч башында болуп, жаштарга дайыма үлгү боло турган ойлор айтылды.

Элибизде, "Карысы бардын ырысы бар" делет. Ырас, турмуштук тажрыйбага ээ улуу муундар өз акыл-насаатын айтып, улуттук руханий байлыктардын баалуулугун көз карегиндей сактап, жаш муундарга мурастоо атуулдук ыйык парз. Аксакалдар кеңеши менен биргеликте олуттуу маселелерди чечип, айрым жагымсыз жагдайларды жөнгө салуу, коомдук терс көрүнүштөргө каршы биримдикте күрөшүү зарылчылыгы айтылды. Эң башкысы, айылдар ортосундагы биримдик райондун элинин бейпил жашоосун түзө тургандыгы сыпатталды. Иш-чарада өнөр ээлери жагымдуу музыка тартуулады. Демөөрчүлөр тарабынан катышуучуларга сый тамак тартууланды. Иш-чараны куудул Борончу Кудайбергенов алып барып, куйкум сөздөрдү тартуулап, ырдап берди», - деди жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×