Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 12.02.2020 16:36

Ак-Талаага адамдын денесин өзү кескен медициналык жабдык келди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук Орозбек Көккөзов атындагы аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө медициналык жабдыктар алынгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Аталган оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Догдурбек Бектуровдун маалыматына таянсак, республикалык бюджеттен 415 миң сомго электрокоагулятор, 435 миң сомго операциялык лампа жана электроотсос алынды.

«Операциялык медициналык жабдыктарыбыз аз да болсо жаңырып, хирургдардын ишине жеңилдик болду. Электрокоагулятор — операция кыларда адамдын денесин өзү кесип, артынан автоматтык түрдө кайра күйгүзүп турчу жабдык. Буга чейин атайын медициналык бычактар менен кесип иштеп келгенбиз», - деди хирург Д.Бектуров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×