Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 12.02.2020 09:26 На русском

Сүрөт — Жалал-Абадда адам сөөгү тамак-аш сакталуучу муздаткычта сакталып жатат

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы өлүк сактоочу муздаткыч иштебегендиктен өлүкканада маркумдардын сөөгүн тамак-аш сакталуучу муздаткычта сактоого туура келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы адистерге таянуу менен билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусу боюнча облустук клиникалык ооруканада гана өлүк сактоочу муздаткыч бар. Район-шаарларда табылган өлүктүн өздүгү аныкталганга чейин дал ушул муздаткычта сакталып турчу. Былтыркы жылдын июль айынан бери муздаткычтын иштебей жатканы маселе жаратып жатат.

Жалал-Абад облустук сот-медициналык экспертиза бюросунун жетекчиси Айбек Исаковдун айтымында, бул абал аларды да ойлонтууда. Анткени дал ошол облустук клиникалык оорукананын өлүкканасындагы муздаткычты алар да колдонушат. Себеби, бюрого тиешелүү эч кандай өлүккана жок. Жада калса өздөрүнүн имараты да жок.

«Заманбап шарттагы муздаткыч болчу. Былтыркы жылдан бери иштебей турат. Азыр тамак-аш сактоочу муздаткычты колдонууга туура келип жатат. Былтыркы жылы кытайлык жаран жол кырсыгынан каза болуп, алынып келгенде муздаткыч иштебей калгандыгын айтканыбызда бизди туура түшүнүп, тамак-аш сакталуучу муздаткычты алып келип беришкен. Биз каза болгон адамды бир айдай сактап бергенбиз, анан өз мекенине алып кетишкен. Бирок бул муздаткыч биздин да, оорукананын да балансында эмес. Муну өлүктү сактоо үчүн алып бергендер демөөрчүлүк иретинде ташташкандыгын да айтышкан эмес. Кайсыл күнү алып кетишет, ал бизге караңгы», - деди ал.

Белгилүү болгондой, облустук ооруканадагы өлүкканада турган чакан муздаткычка бир өлүктү сактоого мүмкүн. Жакында эле, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун сөөгү кызы Москвадан келгиче сакталып турду. Айтор, ушул муздаткычтын жардамында өлүктөр сакталып, дарыгерлер абалдан чыгып жатышат. Ал эми облустук ооруканадагы эки көздүү заманбап муздаткыч бузулуп калгандыктан 2019-жылдын июль айынан бери иштебей турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×