Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуСокулук району 12.02.2020 09:12 Жаңыланды: 12.02.2020 10:16 На русском

Таш-талканы чыккан унаа. Новопавловкадагы үрөй учурган жол кырсыктан 4 адам каза болду (толукталды)

Ново-Павловка айыл өкмөтүндө кырсыкка кабылган унаа
Ново-Павловка айыл өкмөтүндө кырсыкка кабылган унаа

Turmush -  Бишкек шаарына жакын жайгашкан Новопавловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо конушунда эки унаа бет маӊдай кагышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Окуя конуштун Гагарин көчөсүндө кечээ, 11-февралда кечки саат 22:00-23:00 чамасында болгон.

«Биздин көчөдө жашаган 2 жаш бала каза болду. Калган маркумдун каяктык экени тактала элек. Алар дагы ушул конуштун тургундары болуп калышы ыктымал. Азыр 2 баланын тажыясына чогулуп, боз үй тигип жатабыз», - дешти тургундар.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 11-февралда болжол менен саат 22:00 чамасында 1989-жылы туулган К.О. өзүнүн «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унаасы менен Гагарин көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып Урмат көчөсүнүн кесилишинен өткөндөн кийин карама каршы багытта келе жаткан «БМВ 523» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

«БМВ» унаасынын айдоочусу — 2001 жылы туулган М.Т. болгон. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден 4 киши каза болду. 2 жабырлануучу ооруканада», - деп билдиришти милициядан.

Кырсыктан каза болгондор:

- «Ниссан» унаасынын айдоочусу;

- «Ниссан» унаасындагы болжол менен 25-30 жаштардагы азиат улутундагы аял киши;

- «БМВ» унаасынын айдоочусу;

- «БМВ» унаасынын 2001-жылы туулган жүргүнчүсү А.А.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунун Гагарин жана Урмат көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Эки унаанын кыймылдаткыч бөлүктөрү күйгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек жана 1 аял киши каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×