Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Жалал-Абад облусуКара-Көл 11.02.2020 11:48 На русском

Кара-Көлдөгү заманбап кыз узатуу тою кандай өттү? (видео, сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында кыз узатуу жөрөлгөсү замандын талабына ылайык эки тараптын сүйлөшүлгөн эрежелери менен өттү. Бул тууралуу шаар тургуну Айпери Тайчабарова билдирди.

Анын айтымында, 2-февралда бир тууган сиңдиси Акылайды күйөөгө узатышкан.

«Биздин кыздын аты Акылай болсо, күйөө балабыздын ысымы да шайкеш келип, Акылбек экен. Сиңдимди үйдөн узатып, кыз узатуу жөрөлгөсүн өткөрдүк. Алгач күйөө бала келгенде аркан менен алардын унаасынын алдын тосушту. Алардын жеңелери биздин жеңелер менен күйөө баланын көрүндүгүн соодалашып, күйөө баланы бекитишти. Көрүндүк алгандан соң, күйөө балабызды кыз узатуу жөрөлгөсүн алып барган айым ырдап тосуп үйгө киргизди. Ал жерден биздин жеңелер шаңдуу суроо-жооп сынагын уюштурушуп коюшкан эле. Сынакта күйөө бала жолдоштору менен ойноп кызыктуу болду. Андан соң алар үйгө жеңелери менен кирип, жайылган дасторкондун жээгинен орун алып, даам сызышты. Ошентип жөрөлгө андан ары "кызыбызды чакырып алалы деп" баланын жеңелери айткан сөздөр менен уланды. Биздин жеңелер: "Көлөкөгө баккан кыз, күнгө окшоштуруп баканбыз" деп кызды бекитип, көрүндүгүн сурашты. Баланын жеңелери, күйөө жолдоштор көрүндүгүн берип кызды көрүшкөндөн кийин баш кошуп жаткан эки жашты кудалар тарапка, улуулардын алдына алып киришип, жүгүнтүшүп, кайненеси кызга сөйкө, ак жоолугун салып, экөөнө бата беришти. Андан соң кайын ата жоолукка оролгон акчасынын суммасын атап, кудасына ыйгарды. Тою менен ачуу басары деп, 160 миң сом, сүт акысы өзүнчө болот деп айтты», - деди А.Тайчабарова.

Анын айтымында, кудалар жаңы келип, босогону аттарда «майлуу-сүттүү кудалардан бололу. Мамилебиз балдай таттуу, сары майдай майлуу болсун» деген жакшы тилек менен нан, боорсок, сары май, балдан ооз тийип, төргө өтүп, сый дасторконго отурушкан.

«Негизи салт боюнча кызды бала тарап жеңелери менен келип алып кетиши керек экен. Биздикилер эки тараптын улуулары сүйлөшүп, макулдашып алышты. Биз тараптан тай союлуп, бала тараптан 25 киши чакырышты. Анын ичинде күйөө баланын достору, кудалар, жеңелер келишти. Кызды алып кетип жатканда үйдө «Жар-жар» айтылып, эки жашты алып чыгып узатышты.

Бир күндөн кийин биз тараптан жеңелери кууп бармай салты болду. Мында биз тараптан кыздын себин дароо эле алып бардык. Кыздын себи ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша берет экен. Кыздын себинде төшөк, уктоочу керебет, килем, сандык бар. Сандыкка төрт мезгилге арналган бут кийим, кийим-кеченин түрү, ич кийим, боенуучу каражаттар салынды. Мындан тышкары кир жуучу машина, сыналгы, муздаткыч, тамак ысыткыч, мультиварка берилди. Жалпы алганда кыздын себине 300 миң сомдой акча кетип калат экен. Негизи ар ким ар кандай, шартына жараша сеп берсе керек.

Эми куда тарап үйлөнүү той беришет. Биз кыз тарап кызыбызды төркүлөтүп чакырабыз. Ушу менен жөрөлгө жыйынтыкталат.

Мындайда эки тарап тең бири-бири менен сүйлөшүп, андан кийин иш жасаганы ушундай жемиштүү да, эки тарапка тең ыңгайлуу да болот экен.

Кийит боюнча айта кетсек, куда, кудагыйга сарпайлар кийгизилди. Бала тарап биздин атабыз, апабызга алтын шакек такты. Кийит жаатында дагы эки тарап тең сүйлөшүп алып, улуулата кыздын, баланын ата-энелерине кийит кийгизмей болушкан. Башында кийитти жок кылуу болгон. Бирок ата-бабалардан келе жаткан салт болгондуктан, өтө аша чаппай, эң негизгиси ысырапкорчулукка жол бербейли деген максатта жогорудагыдай чечимге келишти», - деди Айпери айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×