Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Ош облусуОш 10.02.2020 14:07 На русском

Видео — Ошто окуган өзбекстандык студенттер массалык түрдө мекенине кетүүгө даярданып жатышат

Ош шаарында окуган өзбекстандык студенттер
Ош шаарында окуган өзбекстандык студенттер
// Видеодон алынган сүрөт

Turmush -  Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан өзбекстандык студенттер окуусун Өзбекстандагы окуу жайларга которууга даярдана башташты. Өзбекстандык студенттердин айтымында, аларды мекенине кайтаруу жөнүндө Өзбекстандын Билим берүү министрлигинин буйругу чыккан. Аймактык кабарчы маалыматты текшерүү үчүн Ош шаарындагы жогорку окуу жайларга кайрылды.

ОшМУнун медициналык факультетинин деканы Адылбек Исмаилов аталган факультетте окуган өзбекстандык студенттер окуусун эми өз мекенинде улантышарын тастыктады. Анын айтымында, Өзбекстандын билим берүү министрлиги 6-февралда Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстанда окуп жаткан өзбекстандык студенттерди өз мекенине кайтаруу жөнүндө буйрук чыгарган. Декан буйруктун чыгышы чак түштөгү чагылгандай эле болгонун айтты.

«Азырынча бизге буйрук кагаз түрүндө келген жок. Электрондук түрү гана келди. Биз алардын буйругуна каршы чыга албайбыз. Бүгүнкү күндөн тарта өзбекстандык студенттердин окуусун Өзбекстанда улантууга даярдап, документтерди топтоп баштадык. Келишимде көрсөтүлгөндөй, бир жылдык окуу акысын толук төлөбөгөн 1-курстун студенттерине окуусун которууга азырынча уруксат берилбейт. Өзбекстанда 7-февралдан 15-февралга чейин студенттерди сынаксыз кабыл алып башташат. Бизде өзбекстандык 1,5 миң студент бар. Кыргызстанда калып, окуй беребиз деген студенттер да жок эмес», - деди Адылбек Исмаилов.

ОшМУда учурда жалпы 3 миң 342 өзбекстандык студент билим алат.

Өзбекстандын Фергана облусунан келип, Ош шаарында билим алып жаткан 1-курстун студенти Максуда Алиева өз мекенинде жогорку окуу жайына өтүү оор экенин айтты.

«Мага Ошто окуган жакты. Бирок Билим берүү министрлигинин буйругу чыккандан кийин мекенибизде окууга мажбурбуз. Өзбекстанда жогорку окуу жайга өтүү кыйын. Себеби бизде жогорку окуу жайына өтүү үчүн босо упай жогору. Жакшы жагы — студенттерге стипендия төлөнөт. Бул жактагы окуунун акысын толук төлөйм дагы, окуумду Ташкент шаарына котором. Ал жакта бизди сынаксыз кабыл алышат экен», - деди Максуда Алиева.

Өзбекстандын Наманган облусунан уулун алып кетүүгө келген Мавлюда (аты өзгөртүлдү) окуу жайдын келишим акысын толук төлөбөгөндүктөн керектүү кагаздарды ала албай жатканын билдирди.

«Балам Өзбекстанда 3 жыл окууга өтө алган эмес. Андан кийин Кыргызстандагы окуу жайга кабыл алынган. Өзбекстандын билим берүү министрлигинин буйругунан кийин уулумду алып кеткени келдим. Бирок “силер келишим акысын толук төлөй элек экенсиңер” деп, керектүү кагаздарга мөөр басып бербей жатышат. Баламдын бир жылдык келишим акысы 90 миң сом. Окуу жылынын башында 45 миң сом төлөгөм. Дагы 45 миң сом төлөшүм керек экен. Окуусун Өзбекстанга которгондон кийин 13 миллион 500 миң сум (98 миң 896 сом) акы төлөшүм керек. Өзүм медайым болуп иштейм. 1 миллион 200 миң сум (8 миң 791 сом ) айлык акы алам. Азыр үйдө мал-жандыктын баарын сатып бүттүм», - деди Мавлюда.

Ош мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык институттун маалыматы боюнча, аталган окуу жайда өзбекстандык студенттер өз мекенине жөнөтүлүп жатат.

«Биздин окуу жайда Өзбекстандан келген 2 миңге жакын студенттер билим алышат. Алардын миңге жакыны күндүзгү бөлүмдө окуса, калганы сырттан билим алышат. Бүгүнкү күндө күндүзгү бөлүмдө окугандар кетип жатышат. Келишим боюнча алар 1 жылдык акыны төлөш керек жана 2-курста гана которула алышат. Биз зачет китепчелерин гана толтуруп, жөнөтүп жатабыз», - деп билдиришти окуу жайдын басма сөз кызматынан.

Ош технологиялык университетинин ректорунун айтымында, аталган окуу жайда 2,5 миңге жакын өзбекстандык студент бар.

«Биз студенттерге окуу жайда окуп жатканы тууралуу жана 1-семестрди аяктаганы боюнча гана маалым кат берип жатабыз. Студенттер азырынча кете элек. Биздин өлкөнүн мыйзамына ылайык, студенттер 1-курстан которула алышпайт», - деди Абдыкадыр Абидов.

Кыргыз-өзбек университетинин ректору Чаткалбек Райымбаевдин айтымында, окуу жайда студенттерге окуп жатканы боюнча маалым каттар эртең, 11-февралдан тартып бериле баштайт.

«Биздин окуу жайда дагы күндүзгү, сырттан окуу бөлүмдөрүндө миңден ашуун өзбекстандык студенттер окуп келишет. Бизге Өзбекстандын билим берүү министрлигинин токтому чыккандыгы боюнча студенттер айтып жатышат. Биз алардын абалын эске алуу менен окуп жаткандыгы тууралуу жана кышкы сессияны тапшырганы тууралуу маалым каттарды берип баштайбыз. Өзбекстандын Билим берүү министрлигинен студенттерди кайтаргыла деген өтүнүч келсе, документтерин беребиз. Кыргызстанда 1-курстун студенттери мыйзам боюнча башка окуу жайга которула алышпайт. Кеткиси келген студенттерди да кармап кала албайбыз», - деди Ч.Раимов.

Мындай көрүнүш Ош шаарындагы бардык окуу жайларда болуп жатат.

Өзбекстандык массалык маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Өзбекстандын Билим берүү министрлигинин чечими өлкө жетекчилигинин жарандарды эл аралык стандарттарга туура келген жогорку окуу жайларында окутуу жөнүндө планы менен байланыштуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×