Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Ош облусуЧоң-Алай району 09.02.2020 10:03

Аяздуу кышта тердегендер: Бош убактысында эшек улак ойногон боз балдар. Видео

Turmush -  Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылынын жаштары аргымак менен аламан улак ойношсо, мектеп окуучулары дем алыш күндөрү эшек улак уюштурат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Айылдын тургуну Асан Кудуреттилла уулунун айтымында, оюнду 15 чакты эшек минген окуучу балдар кызытышат.

«Жекенди айылындагы жаштар жума сайын чоңдор арасында аргымак менен аламан улак өткөрүп турушат. Аны көргөн мектеп окуучулары да кызыгып, жуманын дем алыш күндөрү 4-класстан баштап 9-класска чейинки окуучулар эшек улак ойношот. Эшек улак оюну окуучулар арасында кыш мезгилинде жылда өтүп келген оюн. Салт болуп калган десем болот. Кышта айылда ат таптап, жума сайын аламан улак өткөрүлүп турганы окуучуларга да дем берип, кызыгуусун арттырганга себепчи болду окшойт.

Биздин айылда бир адам уулду болсо же кыздуу болсо анын урматына жаш балдар үчүн эшек улак уюштуруп берет. Эшек улакка жалаң өспүрүм балдар, эшеги барлар катышса болот. Улакка түшкөн эшектердин саны чектелбейт. Байге эң жогору дегенде 1000 сомго чейин коюлат. Кээде адамдар үйүндөгү калпак, көйнөктөрдү байге катары берет. Учурунда Голливуд тасмаларынын дисктери да байгеге коюлчу. Азыр заманга жараша ар кандай байгелер коюлуп жатат», - деди ал.

Эшек улактын эрежеси аргымактар менен ойнолчу аламан улактын эрежесине окшош. Болгону ортодо ойнолчу улактын ордуна кап ойнолот. Эшек улактын эрежеси абдан жөнөкөй. Бул оюндун эрежеси аргымактар менен чабылчу аламан улактын эрежесине окшош. Болгону аргымак улакта улакчылар улакты талашышса, мында боз балдар бош капты же болбосо жаныбардын териси менен ойношот.

Жекендидеги ар бир үй-бүлөдө бирден эшек кармалат. Жергиликтүүлөр аларды суу ташыганга, жайлоого жүк жеткирүү үчүн багышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×